Connect with us

Депутат болом дегендерге талаптар айтылды

Саясат | 3 Июн 2019 | 1176 | 0

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеӊеште шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун топтомун талкуулоого арналган парламенттик угуу болуп өттү. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, коомдук уюмдар менен саясий партиялардын өкүлдөрү катышты. Анда негизинен шайлоо процессин таза, так, адилеттүү өткөрүүгө өбөлгө түзөт делген сунуштар айтылып, талкууланды. 

Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоору парламенттик угуунун күн тартибинде — биринчи окууда талкууланды. Депутат Аида Касымалиева биринчи окууда келип түшкөн сунуштар парламенттик угууда түшкөн сунуштар менен бирге каралып, алардын алгылыктуулары эске алынарын билдирип, келгендерди жигердүү катышып берүүгө чакырды.

Ал эми эл өкүлү Исхак Масалиевдин пикиринде, аталган долбоор чийки жана коомчулуктун негизги талаптарына дал келбейт. Ал элдин бүгүнкү каалоосу ар бир талапкерге добуш берүү экендигин белгилеп, өзү сунуштаган өзгөртүүлөрдү тизмектеди.

— Бардык мамлекеттик кызматкерлер, жетекчи кызматкерлер эгер шайлоого барса, кызматын таштап кетсин. Демек, бул: «Мен шайлоого барам, же кызматта калам», — деген чечим кабыл алуусуна тараза болот. Мындан сырткары, босого упайды 5 пайызга түшүрүүнү сунуштап жатабыз. Кошумча 3-5 пайызга чейин алгандарга беш мандатты бөлүп берсек, саясий коомчулукта бир аз туруктуулукка кадам деп эсептесек болот. Административдик ресурстарды кыскартып, шайлоо мезгилинде мугалимдердин, врачтардын айлыгын көтөрүүгө тыюу салалы деп жатабыз. 

Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, жогорку билим Жергиликтүү Кеңештин депутаттарына маанилүү эмес, бирок Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерде сөзсүз болуусу керек. Бул сунушка макул эместигин билдирген депутат Дастан Бекешев легендарлуу парламентте да жогорку билими жоктор болгонун эске салып, бүгүнкү күндө билимдүү болуу менен диплом алуу шайкеш эместигин белгиледи.

Ал эми, Ак-Талаа районуна караштуу Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Гулмайрам  Учугенованын пикиринде, талапкерлерди атайын сынактан өткөрүү зарыл.

— Чала сабат дипломдуулар деле бар. Эл өкүлдөрү ар кайсы катмардан турушу керек деп ойлойм. Бирок депутаттыкка койгонго жараша атайын сынактан өткөрүү зарыл. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү кыргыз тилинде сабаттуу жазганды, жок дегенде добуш бергенди билиши керек. Мындан сырткары, бизде партиялык система менен добуш берүү жүрүп жатат. Эгер ушундай эле уланчу болсо, кайсыл партия кайсы депутат менен шайлоого чыгары алдын ала айтылса. Эл билип, ишенген кишисин тандап алат эле.

Шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү жарандардын баарына жеткиликтүү болуусу маанилүү. Бул маселени Тогуз-Торо районун Ак-Айыл айыл өкмөтүнүн башчысы Бакдөөлөт Бобукеев көтөрүп, шайлоо тартибин санариптештирүү көп көйгөйгө чекит коёрун айтат.

— Биздин айылда негизинен абышка-кемпирлер эле калган. Шайлоо учурунда айылдык участка жок болгондуктан, районго барып добуш берүү кыйындык жаратат. Ошондуктан, электрондоштуруу кирсе, шайлоо кыйла жеңилдемек. Экинчи сунушум, Кыргызстанда 40 район бар. Ушул 40 райондон 40 депутат чыгарып эле, калганын партиялар бөлүп алса деген ойдомун.

Бийлик башкарууга жеңил болуусу үчүн, аз партияны өткөрүүнү максат кылат. Бүгүнкү күндөгү 9 пайыздык босого жаңы ойдогу, күчтүү, жаш партиялардын келүүсүнө чоң тоскоолдук. Мындай ойду «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы Ильичбек Эргешов билдирди.

— Босого боюнча айтсам, 9 пайыз биздин чакан өлкөбүз үчүн негизинен көп. Анткени, бийлик ар качан «азыраак партия өтсө, ошону оңоюраак башкарсак» деп иштейт. Бул мамлекетти эч качан өнүгүүгө алып барбайт. Ошон үчүн босого пайызды азайтуу зарыл. Канчалык көп партия келсе, ошончолук жаңы система түзүлөт деген ишеним бар. Жаңы, жаш, күчтүү идеяга бай, башкача ойлонгон жаштарга жол ачылмак.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Андыктан, «Алдыдагы шайлоо сиз күткөндөй өтүүсү үчүн кандай өзгөртүүлөр керек», — деген суроону шаар тургундарына узатып көрдүк.

— Депутатттыка талапкерлер, алардын жакын туугандары эч кандай ишкерлик менен алектенбесе. Азыркы эле өкүлдөрү өздөрүнүн бизнеси үчүн эле иштеп жатышат.

— Санын азайтуу зарыл. Канчалык көп болсо ошончолук чыгым. Чындап келгенде 12-13 эле депутат жетишмек.

— Ар бир райондон бирден эле депутат болсо. Оштун мерчемдүү аймактарынан экиден. Ошол райондун ысык-суугуна тоңгон, даана билген бирөө болсо.

— Эң биринчиден ыйманы болсо. Жогорку билимдүү, аты буга чейин эч бир маселеде аралашпаган, таза болуусу керек.

Жыйындын катышуучулары тарабынан эл өкүлдөрү сессия жыйындарына анда-санда гана катышкан депутаттарды чакыртып алуу процессин киргизүү, Жогорку Кеӊеш депутаттарынын санын кыскартуу сунуштары менен чыгышты. Ошондой эле, коомдук угуунун катышуучулары Жогорку Кеӊешке өлкө аймагындагы бардык райондорунан өкүл келишин камсыздоо өтүнүчүн билдиришти. Мындан сырткары, шайлоочунун добуш берүү дареги деген ченемди алып салууга мезгил келип жеткендиги айтылды.

Жыйынтыгында парламенттик угуунун катышуучулары тарабынан айтылган сунуш-пикирлер шайлоо мыйзамдары тармактык комитетте талкууланган учурда эске алынмай болду.

Copyright © 2017 Maral FM