Биз менен байланышыңыз

Эртең «Касымбай Телтаев: Триумф жана трагедия» китебинин бет ачары өтөт

Кыска кабар | 2 Июн 2019 | 617 | 0

Эртең, 3-июнда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында З. Курманов жана Б. Курманованын «Касымбай Телтаев: Триумф жана трагедия» аттуу китептин бет ачар аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Китеп ХХ кылымдын 20-30-жылдарындагы уникалдуу, бирок аз таанымал болгон кыргыз саясатчысы жана мамлекеттик ишмер Касымбай Телтаевдин өмүр жолун изилдөөгө арналган. Ошондой эле, анын 1921-1922-жылдардагы улуттук мамлекетти кайра жандандырууга болгон аракети, революциялык процесстерге жана социалисттик курулушка катышканы, кийинчерээк эл душманы деген жалаа менен бир канча жылдык өмүрүн түрмөлөрдө кечиргени бир катар архивдик фактылар менен баяндалат. Мындан тышкары, ошол кездеги кыргыздын чыгаан ишмерлери тууралуу да учкай ойлорго орун берилген. 

Китеп И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен басууга сунушталган.

Бет ачар саат 11:00дө башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM