Биз менен байланышыңыз

Мухаммедкалый Абылгазиев «Балдар өмүрүн сактайлы!» радиомарафонуна 200 миң сом бөлдү

Кыска кабар | 1 Июн 2019 | 478 | 0

Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Балдар өмүрүн сактайлы!» радиомарафонунун фондуна 200 миң сом бөлдү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Биринчи радио» тарабынан Ички иштер министрлиги менен биргеликте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алдында уюштурулган радиомарафондун жүрүшүндө билдирди.

Алтынай Өмүрбекова бардык балдарды майрамы — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, радиомарафондун уюштуруучуларына 200 миң сомдук сертификат тапшырды.

«Балдарды коргоо күнү баарыбыз үчүн маанилүү маселе — балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын саламаттыгы, билим алуу жана тарбия маселелерин чечүүнүн айланасында бириктирет. Учурда Өкмөт балдарга байланыштуу маселелерди тутумдуу чечүүгө өзгөчө көңүл бурат. Алсак, оор турмуштык кырдаалга кабылган балдардын электрондук базасы түзүлдү. Бул система тиешелүү мамлекеттик органдарга интеграциялуу жана ыкчам иштөөгө шарт түзөт.  Документтештирүү боюнча улуттук компания даярдалып жатат, анын алкагында буга чейин ар кандай себептер менен туулгандыгы тууралуу күбөлүк албаган балдарга күбөлүк берүүнү жөнөкөйлөштүрүү каралган. Бул чаралардын баары балдардын, айрыкча аярлуу балдардын маселелерин комплекстүү чечүүгө багытталган», — деп белгиледи ал.

Вице-премьер-министр ата-энелерди жана жакындарды балдарга сүйүү, мээрим жана жагымдуу маанай тартуулоого чакырды.

Белгилей кетсек, акциянын алкагында чогултулган бардык акча каражаттары Бишкек шаарындагы № 3 Балдардын шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына багытталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM