Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Фарид менен мен бир болбойм

Саясат | 31 мая 2019 | 1239 | 0

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү Адил Турдукулов менен Алга Кылычовдун ортосунда кара мышык аралаганы айтылган. Мындан улам, «КСДПнын бөлүнүп-жарылуусу токтой элекпи?» — деген суроо жаралат. Бирок Турдукулов партияда ыдыроо жоктугун, маселе саясий өңүттө эмес экенин айтат.

— Ички келишпестик бар, аны эч ким танбайт. Бирок кандайдыр бир доо кетип, бөлүнүп кетти деген сөзгө кошулбайм. Кылычов менен болгон пикир келишпестик — жеке маселе. Эч кандай саясий өңүттө маселе чыккан жок. Партияда чынында көбүн эсе «фанаттар» калган. Акча үчүн, мансап, байлык үчүн кошулгандарын баары тең камалып, же бийликке ыктап кетишкен.

Ал арада депутат Рыскелди Момбеков КСДП партиясынын саясий кеңешинен кетүүгө камынууда. Мындай кадамга баруусуна партиянын саясий кеңешине Президенттик Аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун кошулуусу себеп болгон. Момбековдун айтымында, КСДПнын бүгүнкү абалына, мамлекеттин саясий кризиске кептелүүсүнө интригант Фарид Ниязовдун салымы чоң.

— Фарид менен мен бир болбойм. «Саясий кеңеште ал болсо мен болбойм, мен болсом ал болбойт» деген талап бар, ал күчүндө. Анткени, бүгүнкү күндө КСДПнын ушунчалык деңгээлине жетишине, мамлекеттин саясий кризиске кептелишине эң чон салым кошкон — ушул киши. Башында Фарид Ниязов менен Икрамжан Илмияновду киргизбейбиз деп чечилген болчу. Кийин эле тиги киши өзү кеткенден кийин Ниязовду киргизип койбодубу. Фарид бар жерде интрига болот. Ошондуктан, мен интригадан оолак болуу үчүн кетем. А, партияны мен өмүрү таштап кете албайм.

КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеванын пикиринде, Рыскелди Момбековдун чечимин партиядан кетүү амалы катары бааласа болот. Себеби, бул билдирүү күтүүсүз болгон. Ал эми Фарид Ниязовду саясий кеңештин мүчөлүгүнө кошуу бир добуштан колдоо тапкан.

— Саясий кеңеште эч кандай пикир келишпестик болгон жок. Биз Рыскелди Момбековдун билдирүүсүн ЖМКлар аркылуу эле билдик. Момбеков партиядан кантип кетүүнүн амалын таппай, ушул жолго барып жатат деп сыпаттаса да болот. Анткени, мурда-кийин мен андан «эгер Фарид Ниязов саясий кеңешке кирсе мен кетем» дегенин уккан эмесмин. Эми айта турчу нерсе, эгерде Момбеков саясий кеңештен чыгам десе, ал өзүнүн эрки. Биз аны кармай албайбыз. Чыгабы, киреби, ал — өзүнүн каалоосу.

Момбеков партиядан кетүү аракетин көрүүдө деген пикирге саясат талдоочу Марс Сариев да кошулат. Мындай кадамга Атамбаевдин саясаттагы позициясы төмөндөгөнү себеп болуусу мүмкүн. Ошондой эле, Момбеков саясий кеңештен кетсе, ал бийлик тарапка ыктады деген пикир калтырат.

-Момбековдун партиянын ичинен чечпей, өз алдынча жарыялаганы талкууланууда. Мен ойлойм, азыр партия жаман абалда. Ошон үчүн партиядан чыгып кетүүгө аракет кылып жатат. Бул деген — утулуш. Утулуп жатканда ачык чыгып, партиянын атын дагы да түшүрүп жатпайбы. Ошондой эле, мүчө катары калып, саясий кеңештен чыкса, азыркы бийликке иштегендей болуп жатпайбы. Кааласа, каалабаса, бийликке белги бергендей.

Рыскелди Момбеков башында эскерткенине карабай, саясий кеңешке Фарид Ниязов кошулган болсо, демек, бул Момбековго «кет» деген белги болгон.  Мындай пикирди саясий серепчи Акылбек Сариев билдирди.

— Киши көз карандысыз болсо, эч нерсе уюштурбай жөн эле чыгып кетсе болот. Өздөрү айткандай, мурун ошол маселе айтылып, ага карабай Ниязовду киргизген болсо, балким, тетирисинче Момбековду кетирүүгө кадамбы?

Кошумчалай кетсек, 25-майда экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн убактылуу кеткен. Партиянын саясий кеңешинин мындай чечимине экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы себеп болгон.

Copyright © 2017 Maral FM