Биз менен байланышыңыз

Калмаматов: Матраимов — саясий стратегия

Кыска кабар , Пикирлер | 31 мая 2019 | 561 | 0

Райымбек Матраимов — Алмазбек Атамбаевдин саясий стратегиясы. Мындай пикирин Жогорку Кенештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда Матраимовду каматуу же репутациясын түшүрүү 2020-жылдагы негизги саясий демөөрчүнү сүрүп чыгарат. Анткени, Атамбаев менен Матраимовдо болгон акча кыргыз саясатчыларынын дээрлик биринде да жок.

«Чоң саясий оюн келе жатат. Учурда анын саркындылары аз-аздан көрүнүүдө. Ири коорупциялык схемалар лөктөрдүн күрөшү жүрүп жаткан учурда гана ортого чыгып белгилүү болуп калбаса, мындай иштер күн сайын болот. Болгону саясий кырдаалга жараша бир фигура ортого туруп калып, Матраимов тууралуу гана сүйлөп жатабыз», — дейт Калмаматов.

Ал мындан сырткары, Матраимов өлкөнүн түштүк аймагында Атамбаевди жеңип коё турган күчтөргө кирерин белгиледи.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM