Биз менен байланышыңыз

Калмаматов: Президентке туура эмес маалымат берилүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 31 мая 2019 | 400 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековго киргендер чындыкты жашырып, Теңирден тескери маалымат беришүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Биз ачык айтып, туура сүйлөбөсөк, өлкө башчы Сооронбай Жээнбековду да жейбиз. 6 ай мурда экс-президент Алмазбек Атамбаевге тете адам жок болчу. А кезде ЖК «мындай хан болгон эмес» деп айтса, бүгүн «Атамбаев ит эле» деп жатышат. Ошолор азыр Жээнбековду Айга-Күнгө теңешүүдө. Бирок кызматтан кеткен соң, аны да жамандап башташат», — дейт Калмаматов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM