Биз менен байланышыңыз

«Депутаттык комиссияга басым болушу мүмкүн»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 мая 2019 | 421 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров «Марал» радиосуна берген маегинде «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссияга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тараптан жана башка жактардан басым болушу мүмкүн экенин билдирди.

Сабиров эл өкүлдөрү депутаттык комиссияга ишенем артарын айтат.

«Абылгазиев бажасы жана анын уулун кызматка дайындоодон кабары жок экенин айтты. Бирок депутаттык комиссия муну тастыктаган соң, Абылгазиевдин өкмөттү жетектөөгө моралдык жоопкерчилиги жок. Өмүрбек Бабанов белекке жылкы алганы үчүн премьер-министрлик кызматтан кеткен. Бүгүнкү күндө Абылгазиевдин кайнежесине 300 млн. сом которулуп, бажасы өкмөттүн жыйындарын башкарып, анын уулу 150 миң сомдук маяна алганы тастыкталып жатат. Мындайда депутаттык комиссиянын жыйынытыгын күтүп отуруу туура эмес»,  — дейт Сабиров.

Эл өкүлү кошумчалагандай, эгерде өкмөт башчынын туугандары акылдуу болгондо, мамлекеттик кызматка жоломок эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM