Биз менен байланышыңыз

«Ак-Суу Кенч» эс алуу жайы 600 миӊге чыгым болду

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 676 | 0

Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенко айылынын жаштары «Ак-Суу-Кенч» эс алуу жайынын ишмердүүлүгүн 7-майда токтоттурушкан. Мунун себебин саркынды суунун ичүүчү сууга кошулуп жатканы менен түшүндүрүшкөн.

Бирок акыркы 20 күндүн ичинде эс алуу жай 600 миӊ сомго чыгым болгонун жетекчиси Чынара Урманаева билдирди. Анткени, табигый сууну заманбап үлгүдө иштетүү үчүн 4 жерден ири суммада насыя алынган.

«Эс алуу жай иштеп турса, июль айында туура бир жыл толмок. Биз жана дагы 3-4 ишкер кир сууну таза сууга кошкон жерибиз жок. Бүгүнкү күнгө чейин облустагы бириккен оорукананын канализациясына туташкан элек. Теплоключенко айылынын жаштары эмне себептен эс алуу жайыбызды жаап, башкаларга маселе көтөрбөгөнү таӊ калтырат. 7-майдан бери эс алуучу кабыл ала албай чыгымга учурап отурабыз. Насыябыз төлөнбөй калды. Эми айласыздан саркынды сууну тазалоочу жай куруш керек. Ага бери дегенде 20 миӊ доллар керектелет. Азыр Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду акча берер-бербеси белгисиз»,-деди Урманаева.

Учурда бул маселе дыкат текшерүүгө алынды. Ак-Суу районунда атайын түзүлгөн комиссия жеринде иштеп жатат. Эгерде мыйзам бузуулар болсо, маалымат беришерин билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM