Биз менен байланышыңыз

Калмаматов: Ичимдик ичкенин аныктоо менен заман оңолуп кетпейт

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2019 | 423 | 0

Эл парламентке келген партиялардан программаларынын аткарылышын сурап, талап кылбайт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коомчулук компроматтардын тирешинен реалдуу идеялардын кагылышына өтүшү зарыл.

«Элдин сураганы бир гана керексиз нерсе: «Сен Жээнбеков мененсиңби же Атамбаев мененби?». Парламент ким менен болсо да, андан элдин курсагы тойбойт. Кимиси кандай ичимдик ичерин далилдегенден заман оңолбойт. Биз реалдуу программалардын талашында президенттин көз карашын көрбөйлүбү? Жээнбеков менен Атамбаев 25 жыл дос болуп, бири-бирин жакшы билет. Биз эмнени далилдейли деп жатабыз?» — дейт Калмаматов.

Ал кошумчалагандай, учурда парламенттин депутаты да, өкмөттүн мүчөсү да экс-президент Алмазбек Атамбаевди жамандап, өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун колтугуна киргенге аракет кылып жатат. Алар 2020-жылкы шайлоодо бийликке келүүнүн  камын көрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM