Биз менен байланышыңыз

Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан кетти

Кыска кабар | 25 мая 2019 | 320 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын төрагалыгынан жана курамынан убактылуу кетти. Бул тууралуу КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Бул партиянын бүгүн, 25-майдагы жыйынында кабарланган. Атамбаевдин мындай чечим кабыл алуусуна экс-президенттерге байланыштуу жаңы мыйзам негиз болгон.

КСДП партиясынын убактылуу жетекчилигине Асель Кодуранова шайланды.

Белгилей кетсек, жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча мамлекеттин мурдагы башчыларына саясий иштер менен алектенүүгө жана  саясий партияларды жетектөөгө тыюу салынат.

Copyright © 2017 Maral FM