Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин жан сакчысы 5 жылга кесилди

Кыска кабар | 24 мая 2019 | 1683 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу  КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева «Маралга» билдирди.

«Свердлов райондук соту Дамир Мусакеевди 5 жылга эркинен ажыратып, 70 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирди. Эртең 25-майда КСДП партиясынын саясий кеңешинин отуруму болот, ошондо бул маселени карап, кайрылуу жасайбыз,» — деди Кундуз Жолдубаева.

Эске салсак, буга чейин Дамир Мусакеевге мыйзамсыз баюу жөнүндө кылмыш иши козголуп, кызматта турган 2010-жылдан 2017-жылга чейин 20 миллион сомдук мүлктү мыйзамсыз сатып алгандыгы аныкталган болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM