Биз менен байланышыңыз

2022-жылы калктын 25 %ы спорт менен машыгып баштайт

Спорт | 24 мая 2019 | 633 | 0

Бүгүн, 24- майда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев жана аталган агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Жоомарт Шамканов маалымат жыйын өткөрдү. Жыйында 2018-2022-жылдарга пландалган КР Өкмөтүнүн «Спорттук Кыргызстан» программасы коомчулукка тааныштырылды.   

2018-2022-жылдар аралыгында ишке ашчу «Спорттук Кыргызстан» программасынын негизинде калктын 25 %ы спорт менен машыга баштайт. Аны менен бирге спорттун улуттук түрлөрүнө басым жасалат. Мындай маалыматты Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев айтты. Ал кыргызстандык спортчулардын алдыдагы эл аралык мелдештерге даярданып жатканын маалымдады. Алсак, 2020-жылы өтүүчү Олимпиада оюндарында 3 спорттук жогорку байгени, 2022-жылы өтүүчү Азия оюндарында 5 спорттук жогорку байгени жеңип алуу үчүн спортчулар кызуу машыгууда. Анан дагы 4-12-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда КМШ мамлекеттеринен жана ШКУга мүчө өлкөлөрдөн келген 2 миңден ашык спортчунун катышуусунда, салтка айланган «Ысык-Көл оюндары» өтөт. Арпачиев мындан тышкары, 2019-жылга пландалган спорттук иш-чараларды тизмектеп берди.

— Быйылкы жылдын негизги планы катары агенттик тарабынан эң аз 5 Азия чемпионатын өткөрүүнү колго алып жатабыз. Биринчиден, бул биздин спортчулар үчүн чоң жардам болот, тажрыйба алууга жакшы мүмкүнчүк түзүлүп, көз караштарын өзгөртүп, спорттук деңгээлин көтөрөт.  Экинчиден, чемпионаттарды бийик деңгээлде  өткөрсөк, биздин мамлекетти  таанытууга жакшы шарттар түзүлөт. Үчүнчүдөн, туристтерди тартууга салым кошот.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Токтобек Иманалиев бул иш-аракеттер колдоого аларлык экенин айтканы менен «жалпы элдин 25 %ын кыска убакытта спортко тартуу толук ишке ашпайт» деген ойдо. Анткени, муну ишке ашыруу үчүн талап кылынган шарттар аткарылбай келет. Андыктан, спорт тармагында  системаны өзгөртүү зарыл. Андан тышкары, Азия жана Олимпиада оюндарынан байгелүү орундарды камсыз кылуу үчүн мамлекет тарабынан жетишерлик каражат бөлүнбөй жатканын белгиледи.

— 2022-жыл 3 жылдан кийин эле келет. Кыска убакытта элди көндүрүш кыйын да. Мындай иштер бир топто барып калыптанат. Биздин элде студент курактан өйдөкүлөрдө  спортко кызыккандар дээрлик жок. Мектеп курагында спорт менен алектенгендер бар. Менин оюмча, жалпы спортко Өкмөт жетишерлик көңүл бурбай жатат.

Ал эми Спорттун олимпидалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов кыргызстандык спортчулар 2020-жылы Токиодо  өтүүчү Олимпиада оюндарында  байгелүү орундарды аларына ишенет. Спорттун жеңил жана оор атлетика түрлөрү боюнча буга чейинки тажрыйба көргөзгөндөй, биздин спортчулар жеңишти камсыз кылып келген. «Айрыкча, күрөш жаатында сөзсүз байгелүү орунга жетебиз»,  — дейт.

— Мунун себеби күрөшкө катышкан жаштар көп. Кыргыз эли башынан эле күрөшкө жакын. 2008-жылкы Олимпиада оюндарында Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин байгелүү орунга жетишкени, ар бир кыргыз жаранына мындан кийин да медалга ээ болобуз деген үмүт жаратты. Бирден-бир себеп ушул.

Муну менен катар майыптар үчүн да атайын иш-чаралар каралган. Атап айтсак, 1-июнь күнү Талас шаарындагы  Эшим Кутманалиев атындагы стадиондо парамарафон өтөт. Ал спорттук иш-чарага 16дан 28 жашка чейинки жарандар катыша алат.

                                                                 Репортажды даярдаган: Чыңгызхан КОЖОШОВ

Copyright © 2017 Maral FM