Биз менен байланышыңыз

Жарандык коомдун УКМКны реформалоо талабы күч

Саясат | 24 мая 2019 | 813 | 0

Бишкекте «Адилеттүүлүк үчүн» комитети уюштурган «УКМКнын орду жана реформасы» боюнча жыйын өттү. Ага мурунку депутат Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов жана башка саясатчылар, коомдук ишмерлер, активисттер катышты. Негизги талкуу Корупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын карамагынан чыгаруу маселеси болду. 

Тегерек үстөл ызы-чуу менен коштолду. Өздөрүн «Антитеррор» кыймылынын өкүлдөрүбүз», — деп тааныштырган жарандар тегерек үстөлдү өткөрүп жаткандарды «Американын тыңчысы» деп сыпаттаса, уюштуруучулар аларды Орусиянын ФСБсынын кызматкерлери экенин айтышты.

Бул көрүнүш Кыргызстандын бүгүнкү абалын так чагылдыра алды. Бул — коопсуздук маселесинин негизги көйгөйлөрүнүн бири. Коопсуздукту камсыздоо органдарынын кызматкерлери сырттан билим алуусуна тынчсызданганын билдирген саясат талдоочу Руслан Саралинов УКМКны реформалоодо ушул көйгөйдү да эске алуу керектигин айтат.

— Азыр КГБ, ФСБ боюнча абдан көп сөз болду. Менин оюмча, ушул багытта иш алып баргандар жалаң гана Кыргызстанда даярдалуусу керек. Бул — абдан маанилүү көйгөй. Мени абдан кооптондурганы: бүгүнкү күндө биздин улуттук коопсуздук кызматында эмгектенгендер УКМКсы бийликтин кызыкчылыгына жараша иш алып барган өлкөлөрдөн билим алып келүүдө.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 2012-жылы Коррупцияга каршы кызматты түзүп, УКМКнын карамагына бергени чоң ката болгон. Азыркы президенттин бул катаны оңдоп тарыхта калуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин айткан укук коргоочу Рита Карасартова УКМКда сөзсүз жасалышы керек болгон реформаларга токтолду.

— Реформа десе, чоң, белгисиз нерсени камтыбай, эки эле кадамды айтып жатабыз. Биринчиси, корупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын алдынан чыгарып кетүү. Экинчиси, 2016-жылы кызматтык тергөөнү да УКМКга берип койгон, ошол тергөөнү да алып чыгып, атайын тергөө комитетин түзүүнү талап кылып жатабыз.

Биометрикалык паспорттордун бланктары үчүн өткөн тендерге байланыштуу чыр коомдо талкуу жаратып, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Идрис Кадыркулов өзүнүн арызынын негизинде 15-майда кызматтан кеткен. Бул кызматка эл арасында бир нече талапкерлердин аты аталганы менен, бүгүнкү күнгө чейин жаңы жетекчи дайындала элек. Мунун себебин саясатчы Равшан Жээнбеков бийлик өзүнүн кызыкчылыгына керектүү талапкерди издеп жаткандыгы менен түшүндүрөт

— УКМКнын жетекчиси кээ бир маселелер боюнча премьер-министрден да күчтүү. Анткени, анда акча, техника, курал бар. Факт түрүндө аябагандай күчтүү адам болуп эсептелет. Ошон үчүн мен ойлойм, азыр президент, анын тегерегиндеги адамдар ойлонуп жатышат, «Кандай адамды койсок, кимди койсок?» — деп. Бул — аябагандай маанилүү маселе, ошон үчүн бир аз кармалып жатат. Президенттик бийлик күчтүү болгон жерде, бийлик дайыма өзүнө керектүү адамды, өздөрүн кызыкчылыгына, кандайдыр бир саясий максаттарына туура келген талапкерди издейт.

Коопсуздук боюнча серепчи, генерал-майор Марат Иманкулов Коррупцияга каршы кызматты аналитикалык түзүм кылуу керек деген сунушка каршы. Анын пикиринде, коррупция менен күрөшүү үчүн аталган кызматта маалымат болуусу зарыл. Ал үчүн прокуратуранын алдында болгону оң.

— Коррупцияга каршы кызматты алып туруп эле, бир аналитикалык түзүм кылып коюш керек деп жатышат. Эгерде маалымат келип түшпөсө, ал кантип иштейт?  Маалымат кайдан келет? Оперативдик кызмат жок болгондуктан, коррупция менен күрөшүү тармагынын алы жок. Бирок муну багыттай турган орган керек. Прокуратуранын, же президенттин, же өкмөттүн аппаратынын карамагында болушу керек.

Өзүн Дастан Эркин уулу деп тааныштырган Нарын облусунан келген активист тегерек үстөлдүн катышуучуларынын биринин да УКМКнын реформасы боюнча сөз кылууга моралдык укугу жок экенин айтат. Анын пикиринде, бул иш менен жаштар, серепчилер алектениши керек.

— 8-марттагы «Гей парадды» колдоп жүргөндөн кийин, силердин бул жерде моралдык укугуңар жок. УКМК тургай, силерде жашылдандыруу чарбасын реформалоону талкуулоого да укугуңар жок. Уят! Реформа кылса да, башкалар: жаштар, таза адистер кылат. Бул жерде батыштын акчасын алып жүргөндөр чогулуптур, бир жерде отуруу аябай жийиркеничтүү болуп жатат. 

Ал мындай пикиринен соң, дароо тышка чыгып кетти.

Мындан сырткары, Рита Карасартова баштаган топ «Президенттен УКМКны реформалоону талап кылабыз!» аталышындагы онлайн-петиция түзүп, кол топтоо жүрүп жаткандыгын айтты. Анда УКМКны реформалаш үчүн бир нече сунуш киргизилип жатат. Алардын арасында Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын карамагынан чыгаруу, мекемеден тергөө функциясын алып салуу сыяктуу демилгелер бар.

Copyright © 2017 Maral FM