Биз менен байланышыңыз

Акысыз билим менен кесипкөйлөрдү көбөйтүү аракети

Билим-маданият | 22 мая 2019 | 90 | 0

Жогорку Кеӊеште мектеп окуучуларынын өлкөнүн билим берүү тутумуна толук тартылышын камсыз кылууга багытталган «КР билим берүү мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилердин айтымында, билим берүү тармагына бир катар талдоо жасалган. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, балдарга башталгыч, негизги, орто жана атайын орто билим берүү кепилденет. 

Ушу тапта 9-классты бүтүргөн 13 миӊден ашуун бала билимин андан ары уланткан жок. Ал эми эмгек мыйзамында чектөөлөр болгондуктан, 15-16 жаштагы балдардын иш табуу мүмкүнчүлүгү жок, тактап айтканда, аларды ишканалар жумушка албайт. Ошондон улам, негизги жалпы билим алган жактарга милдеттүү акысыз билим берүүнү киргизүү сунушталууда.

Демилгечи депуттардын бири Мирлан Жээнчороев миграциянын айынан өлкө толук билим алган жаштарды жоготуп жатканын белгиледи.

— «Кийинки бүтүрүүчүлөрүбүздүн тагдыры өзгөрсө, алар бир кесиптин же жалпы орто билимдин ээси болсо», — деп жатабыз. Мигранттардын 45 %ы жаштар экен. 2003-жылдан бери алсак, эң улуусу 30га барып калды. Ошондо биз жаш, күчтүү жарандарыбызды билим жагынан жоготуп алып жатабыз. Ошол себептен,  2022-жылы ишке аша турчу мыйзамдын сунуштары берилип жатат. Биз: «Кыргызстанга билимдүү, кесиби бар жарандарыбыз келсе экен», — деп өзгөртүү даярдап жатабыз.

Депутат Алмазбек Токторов сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынып калса, кесипчилик-техникалык окуу жайлары талаптарды аткара алар-албасына кызыкты.

Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси Таалайбек Чолпонкулов эл аралык уюмдардын жардамы менен кесипчилик-техникалык окуу жайларынын материалдык-техникалык базасынын 70 %ына жаӊы жабдуулар алынганын билдирди. Ошондой эле, мекемелер бюджеттен бөлүнгөн каражатты толугу менен өздөштүрүп жатканын кошумчалады.

— Бул мыйзам долбоору 2022-жылдан баштап күчүнө кирет. Буюрса, кесиптик билим берүү тармагы ага чейин толук даяр болот. Биздин системада 97 окуу жай бар. Акыркы жылдары 70 %ында оңдоо иштери өткөрүлүп, жаңы окуу куралдар менен жабдылды. Калган 30 %ын, буюрса, 3 жылдын ичинде оңдоп чыгабыз. «Азия Өнүктүрүү» банкынын жардамы менен жаңы окуу куралдары, тигүүчү, ширетүүчү машиналар алынып, оңдоо иштери жүрдү.

Башмыйзамда акысыз билим берүү жоболору камтылган, бирок ал азыр иштеген жок. Өзгөртүүлөрдө деле анчалык белгилүү айырма көрүнбөйт. Мындай пикирин айткан эл өкүлү Ирина Карамушкина сунушталган өзгөртүүлөрдүн иштеп кете турганына күмөнү бар экенин айтат.

 — Азыр жалпы орто, башталгыч же атайын орто кесиптик билим алууну акысыз кылуу сунушталууда. Өкмөт даярбыз деп жатат. Башмыйзамда деле акысыз билим берүү жоболору камтылган, бирок ал азыр иштеген жок да. Сиздер Совет учуруна кайтыпсыздар. 2003-жылы эмнеге ишке ашкан эмес? Себеби, бүгүнкү күндө Совет дооруна кайтуу мүмкүн эмес. Ал учурда баары акысыз болчу. Атайын орто кесиптик билим берүүнү кантип акысыз кыласыздар? Азыр заман башка. Анча балага кийин кантип жумуш таап бересиздер?

Демилгечилер тиешелүү билим деңгээлинин жетишсиздиги жаштардын бир бөлүгүнө социалдык жана экономикалык жактан терс таасир тийгизерин белгилешет. Ошондон улам, негизги жалпы билим алган жактарга милдеттүү акысыз билим берүү киргизүү сунушталууда. Депутат Бакыт Төрөбаев окубай койгондорго кандай жоопкерчилик каралары боюнча суроо салды.

Төрөбаев: — Мажбурлап болсо да, талап болушу керек. Мисалы, ушул орто, атайын орто кесиптик билимди албаса, паспорт бербей койсок, кандай болот?

Жээнчороев: — Ал боюнча ата-энеси, жергиликтүү бийликтин социалдык тармакта иштеген өкүлү жана Билим берүү министрлигинин жер-жердеги өкүлдөрү жоопкерчиликке тартылат. Американы мисалга алып берейин: Алабама штатынын мыйзамына ылайык, эгерде бала мектепке барбаса, 800 долларга чейин айып карлган. Ошондой эле, ата-энесин бир жылга камап койгон штаттар да бар. Бизде болсо, айып пулдар кирип жатат.

Аталган мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жыл сайын кошумча 757 млн. сом талап кылынат, бирок мындай каражат республикалык бюджетте каралган эмес.

Мыйзам долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап белгилөө сунушталууда.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылдын республикалык бюджетинде өлкөнүн жалпы билим берүү тармагына 32 млрд. сом көлөмүндө каражат каралган.

Copyright © 2017 Maral FM