Биз менен байланышыңыз

Абылгазиевдин туугандары тууралуу маалымат (тизме)

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 1019 | 0

Өкмөт премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин үй-бүлөсү тууралуу маалымат таратты. Анда өкмөт башчысы жөнөкөй үй-бүлөдөн чыкканы, бир туугандарынын баары жөнөкөй кызматта эмгектенери, айрымдары ардактуу эс алууда жана үй кожойкелери экендиги айтылган.

  1. Калыйнур Абылгазиев — байбичеси экөө тең ардактуу эс алууда. Бир уул, эки кызы бар. Уулу соода тармагында, бир кызы тигүүчү, экинчиси үй кожойкеси;
  2. Сооданбек Абылгазиев — журналист, акын (учурда жеке ишканалардын биринде кароолчу), жубайы – мугалим. Эки кыз, бир уулу бар. Улуу кызы жеке ишкерлик менен алектенет, уулу энергетика багыты боюнча студент, кичүү кызы мектеп окуучусу;
  3. Айнура Дүйшекеева — ардактуу эс алууда. Жубайы майып, Кочкор районунда турушат;
  4. Жылдыз Абылгазиева — мугалим. Уулдары курулуш тармагында катардагы жумушчу.  Кызы үй кожойкеси.
  5. Азиз Абылгазиев — Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек каражаттары жана медициналык техника департаментинин Баңгизатты мыйзамдуу түрдө айлантуу бөлүмүнүн башчысы. Жубайы врач. Уулдары – банкта катардагы кызматкер болуп эмгектенишет. Кызы – каржы тармагында иштейт. Күйөө баласы «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасында директордун орун басары (өз ишин ар кандай мекемелерде, Мамлекеттик байланыш комитетинде катардагы кызматкерден баштаган, кесиби программист);
  6. Кундуз Абылгазиева – шаардык ооруканалардын биринде улук медайым. Жубайы суу чарбасында мурап. Уулдары муниципалдык кызматта жана жеке ишканада иштешет.

Премьер-министрдин атасы Дүйшеке Абылгазиев – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, экинчи топтогу майып, убагында Укук коргоо органында, партиялык кызматтарда эмгектенген. Быйыл күзүндө 100 жашка чыкмак. Ал эми апасы Жеңилдик Абылгазиева үй кожойкеси болгон, учурда ардактуу эс алууда. 85 жашта, Өкмөт башчынын колунда турат.

Copyright © 2017 Maral FM