Биз менен байланышыңыз

Украинада күч түзүмдөрүнүн башчылары кызматын тапшырды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 мая 2019 | 514 | 0

Украина Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Грицак менен коргоо министри Степан Полторак кызматын тапшырды. Мындай чечим Владимир Зеленскийдин инаугурациясынан кийин кабыл алынды.

Зеленский мамлекет башчы катары сүйлөгөн алгачкы сөзүндө өлкөнүн Коопсуздук кызматы, Коргоо министрлиги жана Башкы прокуратуранын жетекчилери кызматтан кетиши керек экенин айткан. Буга чейин Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин башкы катчысы Александр Турчинов менен ИИМ жетекчиси Павел Климкин кызматын тапшырганын жарыялаган.

Кийинчерээк премьер-министр Владимир Гройсман иштен кетерин жарыялады. Ал өкмөттүн 22-майдагы жыйынында кызматын тапшырып берерин телекайрылуусунда айтты.

Зеленский өкмөттү да отставкага кетүүгө чакырып, Жогорку Раданы таратарын билдирген. Анын парламентти таратуу чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө кириши үчүн президенттик жарлык керек. Президент бул боюнча фракция лидерлери менен жолугат.

Азыркы Жогорку Рада 2014-жылы шайланган. Анын курамында Зеленскийдин фракциясы жок.

20-майда Украинага жаңы президент болгон Владимир Зеленскийдин инаугурациясы өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM