Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда сабалды делген 2 жаштагы кыз чарчап калды

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 839 | 0

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунан эки жаштагы кыз эсине келбей чарчап калды. Ал сабалып, денесиндеги көк ала тактар менен оор абалда ооруканага түшкөн эле. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоо» коомдук уюмунан кабарлашты.

Жалал-Абад облустук милициясы маалыматты тастыктап, кыздын апасы арыз жазганын айтышты. Ал кызын сабады деп чоң апасынан шекшип жатканын билдирген. Ал эми чоң апасы тепкичтен кулап кеткендигин айтууда. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

7-майда Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө «Тез жардам» кызматы менен 2 жашар кыз оор абалда келип түшкөн. Анын денесинде көк ала тактар болгон. Ага дарыгерлер жабык баш мээ жаракаты деген диагноз коюп, мээси чайкалганын, шишик да бар экенин айтышкан.

Апасы кызын таенесине таштап, өзү Орусияга иштегени кеткендиги буга чейин маалым болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM