Биз менен байланышыңыз

Ошто бир жылда 32 көмүскө сойкукана аныкталган

Кыска кабар | 18 мая 2019 | 397 | 0

Ош шаарында акыркы бир жылдын ичинде 32 көмүскө сойкукана аныкталган. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Ушул жылдын төрт айында сойкулук менен жашыруун алектенүүгө көмөктөшкөн 10 жай – сауна, мейманканалар аныкталып, уюштурган адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан. Мындан тышкары, тергөө өндүрүшүндө дагы 4 кылмыш иши иликтенүүдө.

Быйыл Ош шаардык милициясы 22 ирет сойкулук жасоо үчүн уюштурулган көмүскө жайларды аныктап, тергөө иштерин жүргүзгөн. Айрым сауна менен мейманкалардын кызматкерлери акчалай жаза менен кутулушуп, мыйзамсыз иштерин жүргүзүүнү уланта беришкендиги бир нече ирет аныкталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM