Биз менен байланышыңыз

19-майда Бишкектин бир катар райондорунда муздак суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 18 мая 2019 | 517 | 0

19-майда Бишкектин бир катар райондорунда муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Эртең мененки саат 9.00дөн тарта кечки саат 20.00гө чейин Бишкектин Октябрь районундагы Чолпон-Ата, Ауэзов, Исакеев, Лев Толстой, Виноградный көчөлөрүндө суу өчүрүлөт.

Свердлов районундагы Чүй, Чолпон-Ата көчөлөрү, темир жол линиясында, ошондой эле, «Учкун» жана «Гормолзавод» кичирайондорунда суу берүү үзгүлтүккө учурайт.

Бул убакытта суу түтүктөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт. Сууну өчүрүү өндүрүшчүлөрдүн өтүнүчү менен болуп жатканын мэриядан кошумчалашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM