Биз менен байланышыңыз

ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында түрк тилдүү мамлекеттердин форуму болду

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 613 | 0

ЮНЕСКОнун штаб-квартирасы 15-майда Эл аралык Түрк академиясы жана Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркия мамлекеттеринин туруктуу өкүлдөрү менен биргеликте «Улуу талаа» маданий мурасы жана анын дүйнөлүк тарыхтагы орду» атуу эл аралык форумун уюштурду.

Кыргызстандын Белгиядагы элчиси Муктар Жумалиев өзүнүн учурашуу сөзүндө эл аралык уюмдардын түрк маданиятын жана түрк тилдүү элдердин мурасын сактап калууга жана өркүндөтүүгө багытталган ишинин жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын түрк маданий мурасындагы маанилүүлүгүн баса белгиледи. Мындан тышкары, КР Өкмөтү жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынын укуктарын коргоого багытталган иш-чаралардын өткөрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымдап, КР Өкмөтү тарабынан Париж шаарында дипломатиялык өкүлчүлүктү ачуу тууралуу чечим кабыл алынгандыгын билдирди. Учурда Франция менен протоколдук уюштуруу маселелери талкууланып, аталган чечимди жүзөгө ашыруу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын айтты.

Форумга ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаттары Садык Шер-Нияз «Түрк маданияты мейкиндик жана убакыттын кесилишинде», Каныбек Иманалиев «Жусуп Баласагындын
«Кут алчу билим» чыгармасындагы мамлекеттүүлүк идеясы» жана профессор Арслан Койчиев «Моголистан мамлекетинин кыргыздардын жана казактардын тарыхындагы орду» аттуу баяндамалары менен катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM