Биз менен байланышыңыз

«Элчи террорист деп айткан соң, аны далилдесин»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 мая 2019 | 636 | 0

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай «Марал» радиосуна берген маегинде Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат «Сапаттын» лицейлеринин мурдагы жетекчисин террорист деп күнөөгөн соң, аны далилдеп бериши шарт экенин билдирди.

«Элчи террорист деп айткан соң, аны далилдеп бериши керек. Жөн гана элге келип сүйлөй бербей, мамлекетке «Бизге буларды террорист катары өткөрүп бергиле», — деп расмий кайрылса болмок. Азыр элчинин кылганы популисттик пиар болуп калды. Түрк лидери Режеп Тайып Эрдогандын бийлигинин ФЕТӨнү террорист кылгыла деген басымы бар. Бирок алар эч кандай кооптуулук жаратпаса, эч жерди жардырбаса, сот кантип чечим чыгарат?» — дейт Тажыбай.

Эске салсак, 12-майда Женгиз Камил Фыраттын Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгына нааразы болгон тасмасы интернетке тараган. Анда элчи «Сапат» лицейлеринин мурдагы жетекчисин террорист деп айтыптап «ал адам мусулман эмес» деген сөздөрдү айтканын көрүүгө болот.

Copyright © 2017 Maral FM