Биз менен байланышыңыз

Тажыбай: Түркиядан элчисин алмаштырууну талап кылыш керек

Кыска кабар , Пикирлер | 15 мая 2019 | 707 | 0

Түркиядан Кыргызстандагы элчисин алмаштыруусун талап кылуу зарыл. Бул тууралуу саясат талдоочу Алмаз Тажыбай «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыратты ордуна коюу керек. Ошентсек, бул башка элчилерге да сабак болот. Женгиз Камил Фырат элден кечирим сурашы керек. Эгерде кечирим сурабаса, өз өлкөсүнө кайтаруу зарыл. Бир элчини кетирүү менен Түркия — Кыргызстандын достук мамилесине эч кандай залака кетпейт. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги нота жибериши кажет. Эгер жибербесе, жамандын коногу бийлейт болуп, өкмөт менен президентке залкала кетет. Андыктан, ТИМ тез арада билдирүү таратышы шарт», — дейт Тажыбай.

Анын айтымында, элчилер мамлекет башчынын кулагы, көзү болуп эсептелет да, өлкө лидеринин атынан сүйлөйт.

Мындан улам, Женгиз Камил Фырат айткан таарыныч сөздөрдү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган айткандай кабыл алынат.

«Элчинин чыры этикага туура келбеген көрүнүш. Башка өлкөлөрдө мындай элчилерди өлкөсүнө кайтарып жиберет. Ал 28 жылдык түрк-кыргыз достук байланышын 8-май күнү 30 секундда жокко чыгарып салды. Кыргыз эли момун болбой, расмий түрдө сүйлөшүү болушу керек. Азыр азыр эл кыжырданып турат. Женгиз Камил Фырат мурда да «Сапат» лицейлери боюнча биздин ички саясатка кийлигишкен. Ошондо эле анын ишмердигин токтотсо болмок», — дейт Тажыбай.

Эске салсак, 12-майда Женгиз Камил Фыраттын Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгына нааразы болгон тасмасы интернетке тараган. Андагы «Түркия 35 млн. долларлык мечит салып берсе, бизге жасаган мамилеңер ушулбу?» — деген сөздөр коомчулукта резонанс жаратууда.

Copyright © 2017 Maral FM