Биз менен байланышыңыз

Жаңы мэрдин жаштыгы сынга кабылды

Саясат | 14 мая 2019 | 929 | 0

14-майда Балыкчы шаарынын мэри болуп 26 жаштагы Марат Кудайбергенов шайланды. Шайлоого Балыкчы шаардык Кеңешинин 31 депутаты катышып, 22 депутат Марат Кудайбергеновго добуш берди. БШК калаа башчылыкка эки талапкерди каттаган.

Балыкчы шаардык Кеңешинин депутаты Самыйбек Аманкулов талапкерлердин программасы окшош экенин, бирок, мэрликке Марат Кудайбергенов тандалганын «Маралга» билдирди. Депутат мэр жаш болгону менен тоскоолдуктар болбосо, иштеп кете аларын айтып ишендирди.

— Өзүнүн программасы менен тааныштырды. Менин жеке оюмда Кудайбергенов иштеп кете алчудай. Ар ким акыл үйрөтүп, «тигиндей кыл, мындай кыл» дебей өз оюна койсо, мэрдин ишти алып кетерине көзүм жетет. Тажырыйбасы аз болсо такшалар. Шайлоо жакшы өттү. Таарыныч болгон жок. Эми буйруганы алат да. 

Социалдык түйүндөрдөгү маалыматтарга таянсак, жаңы шайланган мэрдин атасы Сагын Кудайбергенов көп жылдан бери Токмок шаардык Кеңешинин депутаты. Анын бир тууган агасы Жыргал Кудайбергенов да жергиликтүү Кеңеште депутат. Ошондой эле Балыкчы шаардык Кеңешинин спикери Канат Сартбаев калаа башчынын кудасы. Мындан улам, «Мэр шайлоодо депутаттарга кысым болбодубу?» — деген суроо туулат.

Самыйбек Аманкулов шайлоодо Сартбаевдин депутаттарга түздөн-түз басымы байкалбаганын билдирди.

— Таасири байкалганда эмне, баары колдоду. Сартбаев өзү макул болуп, колдоп бериптир. Биздин кыргызда тууганчылык бар да.   

Марат Кудайбергеновду калаа башчылыкка шаардык Кеңештеги «Замандаш» фракциясы сунуштаган. «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңишбек Молдокматов фракция Кудайбергеновдун жөндөмүнө ишенип, мэрлик кызматка көрсөткөнүн биз менен бөлүштү.

— Мен ишенем, фракция мындан аркы ишине да колдоо көрсөтөт. Ал эми «Замандаш» партиясы жардам берип келди, дагы улантат. Буга чейин карыганы да, орто жаштагылары да иштеди. Жыйынтык болгон жок. Эми муун алмаша турган учур келди деп ойлойм. Жаштар болгон күчүн жумшай турган маал азыр.  

Бүгүн бийлик «Замандаш» партиясын колдоп жатат. Бийликтин бул аракети Балыкчы шаарынын мэрин шайлоодо даана байкалды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, саясатчы Нарынбек Молдобаев билдирди.

— КСДП президенттик шайлоого барганда, «Замандаш» аталган партияга кошулам деп чыккан. «Замандаш» канча шайлоого катышса да, жеңишке жетишкен жок. Мындан улам, партиянын таза деген аты бар. Ошондуктан, бийлик «Замандашка» жакшы көз карашта экени көрүнүп турат. Жадагалса, мен жөнөкөй шопурдун да таанышсыз жумушка алынганын көрө элекмин. Кыргызстан — кичинекей өлкө. Андыктан, баарыбыз бири-бирибизге тууган, куда болуп чыга келебиз. Муну жакшы жагынан да, жаман жагынан да айтууга болот. 

Марат Кудайбергенов менен өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин да туугандык байланышы бар экени социалдык түйүндөрдө жазылды.

Мындан сырткары, коомчулукта Кудайбергеновдорду Каракол шаарынын мэри, өлкө башчынын агасы Жусупжан Жээнбековдун күйөө баласы Адыл Каниметов колдоп турат деген сөздөр айтылууда. Бирок Каниметов мындай пикирди четке какты.

— Ойлонуп көрсөңүздөр, мен кандай түрткү бере алам? Экинчиден, шаардык Кеңештин депутаттары өздөрү каалаган кишини шайлап алат. Мени ушундай иштерге аралаштырышканын туура көрбөйм. Мен болгонун болгондой айтып бердим.

Саясат талдоочу Акылбек Сариевдин пикиринде, кандай болгон күндө да негизги маселелер бийлик кеткен соң ачыкка чыгат. Кыргыздар сүрүштүрө келгенде баары тууган. Андыктан, туугандык байланышка көп көңүл буруунун кажети жок. Кызматкердин ишмердүүлүгү башкы маселе.

— Кудайбергенов канчалык деңгээлде мамлекеттин же элдин кызыкчылыгы үчүн иштейт, кеп ошондо. Эгерде кандайдыр бир топту колдоп, же түрткөнгө барса, анда бул биздин эски өнөкөттөн арылбаганыбыздын белгиси. «Замандаш» формалдуу түрдө сунуштагандыр, бирок түпкүлүгү башка жактан чыгышы мүмкүн. Эгерде мэр азыркы бийликке жакын же тууган болсо, аны кызматка сунуштагандар, Кудайбергенов өзү да ойлонушу керек эле. Канчалык деңгээлде кийин өзүнүн аброюна шек келтирерин эске алып, ошого жараша түшүндүрмө берип барса жакшы болмок. Балким, бийлик ишенимдүү, бири-бирин сатып кетүү ыкмасынан алысыраак болуу үчүн айла жоктон мындай кадамга баргандыр. Бири-бирибизди ушундай шартка түртүп жатабыз. 

Саясат талдоочу Марс Сариев өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөшөм дегени менен Кыргызстандан кландык башкаруу күчөп бара жатканына токтолду.

— Уруучулук, жердешчилик Кыргызстанда абдан чоң роль ойнойт. Мэр болуу үчүн да өзүнүн уруусунун колдоосу керек. Бул феномен Атамбаевдин заманында да бар эле. Азыр андан да күчөп жатканы байкалууда. Президенттин туугандары, Райымбек Матраимовдун маселеси баары залакасын тийгизүүдө. Мэр 26 жашта болсо, али жаш экен. Туугандары өзүнүн кызыкчылыгы үчүн түртүп жатышат, колдоолору абдан күчтүү экен. Байкасаңар, кызматкердин жашына, сапатына карабай, кайсы бир топтордун кызыкчылыгы үчүн шайлап коюшту. Балыкчыдагы мэр азыркы бийликти парламенттик жана президенттик шайлоодо колдошу керек. Буга кызыкдар топтор бар. 

Ал эми юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев президент Сооронбай Жээнбеков убадаларын так аткарбай жатканын сынга алды. Анын баамында, Балыкчы мэрине бийликте турган адамдардын таанышы, тууганы келгенине таң калбоо зарыл. Анткени, мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок жана алдыда улана берет. «Өлкөдө шайлоо жок болгондуктан, бийликте тургандар жөн эле барып мандатты тартып алат да, эл менен эсептешпейт», — дейт Бөрүбашев

— Мэр бийликтегилерге тууган болсо болсун. Эгерде ишти жөндөп алып кете алса, абдан жакшы. Мен да резюмесин карап көрдүм, жөн жердин тукуму эмес экен. Аккан арыктан суу агат болуп жатат. Бизде бийликтин башындагылар жакын туугандарын, куда-сөөктөрүн, күйөө балдарын кызматка коюу мода болуп калган. Ушундай шарт түзүп койгон системаны өзгөртүүгө кызыкдар эмес. Ал тургай, Конституцияны өзгөртөлү десек көнбөй жатышат. Президент көйгөйлөрдү атады. Эгерде анын көзү жетип жатса реформага барышы керек. Бирок ал айтпай жатпайбы?.. Коррупциялык системаны эң алгач туңгуч президент Аскар Акаев түптөп, пайдубалын тургузган. Андан соң бийликке келгендер баары агайын-туугандарын жумушка коюп кетти. Биз ушул системаны жоюшубуз шарт. Ал эми президент ага баргысы келбейт. Эгерде бир жылда дагы ушинтсе, баарыбыз айтабыз. Кеп кландык система гана эмес, коррупциялык системада калып жатканында. 

Кошумчалай кетсек, Марат Кудайбергенов 2011-жылдан 2017-жылга чейин «Алыш Сервис» ЖЧКнын башкы директору; 2017-жылдын август айынан тарта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн жардамчысы; эми 2019-жылдан бери президенттин №2 мамлекеттик резиденциясынын маркетинг кызматынын башчылыгын аркалап келген.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM