Биз менен байланышыңыз

Муфтият түрк элчисинин ооз ачардагы чуу салганы боюнча үн катты

Кыска кабар | 13 мая 2019 | 1166 | 0

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын ооз ачар учурундагы аракетине байланыштуу Муфтият «Маралга» түшүндүрмө берди.

Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фырат Муфтият уюштурган ооз ачардан чыгып кетти. Элчи «Сапат» билим берүү мекемесинин мурдагы башчысы Орхан Инанды менен чогуу ооз ачарга чакырылганы үчүн иш-чаранын уюштуруучуларына нааразычылык билдирген.

«Тараптардын өз ара түшүнбөстүктөрүнөн ушундай кырдаал жаралган окшойт… Биз аларды сабырдуулукка чакырып, учурда түшүнбөстүк жөнгө салынды. Баары жакшы болду», — деди муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев.

Буга байланышкан видео маалыматтык сайттарга чыгып кеткен. Анда элчи тарабынан «Түркия Кыргызстанга 35 млн. долларга мечит салып берди…», «Террорчу менен бир дасторконго отургуздуң…», Түркияны же терррорчуну тандагыла…”, «Мен үчүн Муфтият деген жок эми…», — деген сыяктуу нааразычылыктар айтылганын көрүүгө болот.

Түркиянын расмий бийлиги 2016-жылдагы төңкөрүш аракетин Фетхуллах Гүлен жасаганын айтып, президент Режеп Тайып Эрдоган аталган кыймылды «террордук» деп эсептеп, аны таанууга дүйнө коомчулугун чакырып келет.

Copyright © 2017 Maral FM