Президент Сооронбай Жээнбеков 4-майда Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алган учурда уран боюнча үн катты. Социалдык тармакта мамлекет башчынын кайрылуусун кечикти деп баалагандар да болду. Өкмөттүн эки жумадан кийин пикирин билдиргенине талдоочулар кандай баа берет? Биз мунун алкагында саясат талдоочу Марс Сариев менен маек курмакчыбыз.
— Марс мырза, президенттин өкмөттөн 2 жумадан кийин үн катканын саясат талдоочулар кандай кабыл алышты?
— Мен бул тууралуу мурунтан эле айтып келе жатам. Президенттин аналитикалык борбору жок болуп жатат. Кырдаал боюнча президент мурдараак кайрылуу жасаса, эффективдүү болмок. Президент уран боюнча кийин айтканы менен ал маселе чечиле элек да. «Юразия в Кыргызстане» компаниясы чечим саясий негизде кабыл алынганын айтып, даттанса да болот. Юридикалык жагынан алып караганда, чечим туура эмес. Кандай болгон күндө да президент эртерээк көңүл буруп, пикирин билдириши керек эле. Бул бийликтин аналитиктери, саясий технологдору жок болгону үчүн көп ката кетип жатат. Мамлекет башчы кырдаал тууралуу айтса да, айтпаса да утулуп жатат.
— Негизи эле президент кризистик кырдаалдарда кандай реакция кылышы керек?
-Бул кризистик кырдаал түзүлө баштаганда, саясий технологдору муну сезип, президентке сунуш бериши керек болчу. Азыркы абалдан улам президенттин жанында мыкты аналитик жок экени билинип турат, болсо да алар формалдуу эле иштейт. Байкасаңыздар, Атамбаев менен пикир келишпей калган учурларда жана башка кризистик маселелерде Жээнбеков дайым кеч калып жатат.
— Жээнбеков кызматка киришкенде аны салабаттуу, сабырдуу жана токтоо деп баалашкан эле. Демек бул сапат саясатта бардык учурда эле ишке жарай бербейт экен да…
— Саясат Станислав сахналарындай эле. Байкасаңар, Украинада өзүнчө эле театр болуп жатат. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да эффективдүү сүйлөп жатат. Бул жерде токтоолук, сабырдуулук сапаттары менен утулуп калат. Саясатта актердук өнөр да керек болот. Ошто өткөн конференцияда президент сүйлөп жатса, жетекчилер уктап жатат. Мунун баары имиджге таасир этет.
— Президент же анын командасы бул көйгөйдү мындан кийин кантип жөнгө сала алат?
— Бир нерсе деп айтуу кыйын. Ушул кезге чейин түшүнбөгөндөн кийин, эми аналитикалык топторду түзүп, өзү да өзгөрүшү керек. Башка психология, башка жол менен барышы керек. Азырынча бийлик: президент да, премьер-министр да утулуп жатат.
— Президент маани бериши керек болгон дагы кандай кризистик кырдаал бар?
— Ошто Матраимовдор иш-чара өткөргөндөн кийин кызуу талкуу жаралды. Президентке карата да бул окуя чоң көйгөй болуп турат. Муну чечмейинче, башка көйгөйлөр чечилбейт. Кыска убакыттын ичинде чечүү жолун табуу керек. Социалдык тармактарда: «Мамлекетти Жээнбеков башкарып жатабы же Матраимовбу?» — деген да суроолор коюлуп жатат. Бул абдан кооптуу жагдай.
— Унчукпаган же токтоо саясат улана берсе кандай болот?
-Мындай көрүнүш улана берсе, азыркы бийлик утулат. Майдын аягы, июнь айында рейтинги түшүп, күзгө чейин аброю калбай калат. Азыртан эле, Бакиевге теңеп жатышпайбы.