Биз менен байланышыңыз

Сүйүнчү!!! Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиону!

Кыска кабар , Спорт | 26 Апр 2019 | 1452 | 0

Айсулуу Тыныбекова Кытайдын Сиань шаарында өтүп жаткан 2019-жылдагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия биринчилигинде чемпион болду.

Финалдык чечүүчү беттеште Айсулуу жапон кызы Юкако Каваини утуп алды. 62 кило салмакта күч сынашкан Айсулуу биринчи бөлүктө 0:6 эсебинде утулуп жаткан балбан кызыбыз Айсулуу экинчи бөлүктө эрктүүлүгүн көрсөтүп, беттештин аягында эсепти 8:6га айландырды.

Муну менен Айсулуу Тыныбекова үчүнчү ирет Азия чемпиону болду.

Алгачкы алтынды ал 2016-жылы утса, 2017-жылы экинчи жолу чемпион болгон.

Copyright © 2017 Maral FM