Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын жарым финалында

Кыска кабар , Спорт | 26 Апр 2019 | 733 | 0

Мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Күрөш боюнча 2019-жылдагы Азия биринчилиги Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайты аркылуу онлайн көрсөтүлүп жатат.

62 кило салмактагылар арасында күч сынашып жаткан Айсулуу жарым финалда өзбекстандык Набира Эсенбаеваны беттештин мөөнөтүнөн эрте 10:0 эсебинде утуп алды.

Кытайдын Сиань шаарында өтүп жаткан мелдештин финалдык баскычына чыгуу үчүн Айсулуу Таиланддык Salinee Srisombat менен күч сынашат. Ал бал баскычка Сингапурлук балбан кыз Madeline Chia Shin WEE’ни жеңип чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM