Биз менен байланышыңыз

Бекешев: Бизде жеке маалыматтар корголбойт

Без рубрики | 25 Апр 2019 | 427 | 0

Парламенттин жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Идрис Кадыркулов чет өлкөгө чыга тургандардын паспортун даярдоо үчүн тендерди уткан литвалык компания паспортторду кылмышкерлерге саткан фактылар бар экендигин айтты. Ошондой эле, УКМК төрагасы Кыргызстанда жасалма паспорт жасоо боюнча 150 кылмыш иши ачылганын маалымдады. Бул теманын айланасында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен маек курганбыз.

Марал: — Паспорт чыры боюнча УКМКнын жетекчиси Идрис Кадыркулов маалымат берди, сиз дагы уктуңуз. Ал айтып жаткандай, тендерден утуп чыккан литвалык компанияга эки кылмыш иши козголгон экен, бул жагдайды Каттоо кызматы иликтеген эмеспи?

Бекешев: — Ачыгын айтсак, кечээ УКМК интернеттен алынган маалыматты окуган. Аны тактап, изилдеш керек. Себеби, баарыбызга белгилүү интернет сайттарында ар кандай маалымат жазылышы мүмкүн. УКМК да айтышы керек болчу, «Бул маалымат интернеттен алынган, биздики эмес», — деп. Мен өзүм да бул боюнча изилдеп көрдүм. Кээ бир маалыматтары туура эмес. Мисалы, УКМК: «Аталган компания Конгодо президентке пара берген», — деди. Интернеттен окуп алып эле айта берген туура эмес. Компания эртең эле бизди сотко бериши мүмкүн.

Марал: — Негизи паспорт чыры боюнча 94-жылдан бери реформа болуп жатканы, бул багытта 150 кылмыш иши ачылганы айтылды. Каттоо кызматындагы коррупция эмнеге жоюлбайт, маселе эмнеде?

Бекешев: — Эми айтылып жаткан 150 кылмыш иши жасалма паспорт боюнча чыгып жатат. Кечээ маалыматта айтып өткөндөй, 96 Кытай жараны жасалма паспорт менен кармалган. Мамлекеттик каттоо кызматына тиешеси жоктор деле жасалма паспорт жасай алат. Ал эми коррупциянын жоюлбай жатканынын себеби, жеке маалыматтарыбыздын жакшы корголбогондугунда, мындан сырткары, Мамкаттоо кызматкерлеринин айлыгынын аздыгында. Алар ойлошот болуш керек, «Маалыматты берип койсом, эчтеке деле болбойт, бирок акчаны азыр алам», — деп.

Марал: — Каттоо кызматында иштеген адистердин социалдык жактан камсыздалышын жакшыртуу керекпи, маселен, сиз айтып өткөндөй айлыгын көтөрүп?

Бекешев: — Ооба, сөзсүз маяна маселесин карап чыгуу керек. Экинчиден, жеке маалыматтарды коргоо зарыл. Негизи бул боюнча жаңы орган түзүлүшү керек эле. Себеби, азыр маалыматтарды коргоо органы иштебей жатат. Мисалы, балким, мен тууралуу маалыматтар кээ бир саясий партияларга, кандайдыр бир топторго таратылышы, алар менин жеке маалыматтарымды билиши мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM