Биз менен байланышыңыз

22-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 21 Апр 2019 | 467 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча 22-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Кээ бир райондордо шамалдын Батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнү: +4…+9….күндүз: +10…+15;

Талас облусунда

түнү: +3…+8….күндүз: +10…+15;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнү: +6…+11….күндүз: +13…+18;

Ысык-Көл облусунда

түнү: +5…+10….күндүз: +11…+16;

Нарын облусунда

түнү: +3…+8…күндүз: +12…+17;

Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз +13…+15, түнкүсүн +6…+8 градус болот.

 

Copyright © 2017 Maral FM