Биз менен байланышыңыз

Рустамов: Уран кенин казууга каршы чыккандарга түшүнбөйм…

Күн чекит | 19 Апр 2019 | 9534 | 5

Ысык-Көлдөгү «Кызыл-Омпол» уран кенин иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршылыгын билдирүүдө. Социалдык тармактарда да бул боюнча чакырыктар жасалып, каттар таркатылууда. Өкмөт калкка туура эмес маалымат берилип жатканын, атайын чагымчылдык аракеттери да болуп жатканын кабарлады. Негизинен учурда кенде чалгындоо иштери жүрүп жатат, ал жердеги экологиялык коопсуздук да сакталып, жергиликтүүлөргө зыяны тийбейт деп ишендиришүүдө. Биз бул багытта түз эфирде Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов менен «Күн чекит» программасында маек курдук.

— Ысык-Көлдүн тургундары: «Уран кени ачылса, көл ууланат», — деп, байма-бай кулак кагыш кылып жатышат. Ушул боюнча адис катары пикириңизди сурайлы дедик эле. Кендин экологияга тийгизген таасири канчалык? 

— Чындап алганда, биздин жасаган кадамдарыбыздын өзү экологияга терс таасирин тийгизип жатат. Алсак, тамеки чегүү, от жагуу, таштанды ыргытуу сыяктуу абаны булгаган иштерди жасабай элебизби? Биз мындай кадамдар менен айлана-чөйрөнү ашыкча булгап койгон жокпузбу? Адегенде өзүбүзгө: «Кандай иш алып барып жатабыз?» — деген суроону беришибиз керек.

Эми сурооңо келсек, бардыгы эле радиациянын зыяндуулугу же ушул сыктуу пикирлерин айтып жатышат. Ал жакта радиациянын кайсы түрү бар? Маселе ушунда болуп жатпайбы. Биз атайын мониторинг жасадык. Мындан улам, мен аймакта радиация күчтүү дегенге кошула албайм. Кен жайгашкан аймакта болгону 7-8 чабандын үйү бар экен. Ал эми Балыкчыдан 30 км узак. А Кочкорго чейин андан да узак. Экинчиден, аяктан уранды чайкап туруп эле, Кара Балтага алып кетишет. Анан да, Кызыл-Омпол аймагынын айлана-чөйрөсүн жаңы технологиялар менен  коргоп (рекультивация жасап) беребиз деп жатышат. Бардыгы бүткөндөн кийин тыкыр текшерүүдөн өтөт. Кийин ал жерге кайра чөп өссө, мал жайсак жаманбы? Азыр барып көрсөңөр, чөбү саргайып кеткен, уранды алып кетип, дарылагандан кийин айлана кадимкидей тазара түшөт.

— Сөзүңүзгө аралжы, Кара-Балтадагы кен иштетүүчү жайдын коопсуздугу талапка жооп береби?

— Кара-Балтада Советтер Союзунан бери эле иштеп келе жаткан тоо-кен комбинаты бар. Кенди сактай турган жери талапка толук жооп берет. Жаман бир нерсе болуп кетет дегенге мен такыр кошула албайм. 

— Кенден чыккан саркынды суулар Чүй каналына куят деп да жатышат… 

— Мен Чүйдүн каналына куят дегенге такыр кошулбайм. Андай болушу да мүмкүн эмес. Ал үчүн химияны терең окушубуз керек болуп калат. Бул кенди жөн эле ызы-чуу кыла берген болбойт. Бул атомдук же ядролук жарылуу эмес да.  Бул жердеги жаралып жаткан тополоңго такыр түшүнбөй койдум.

— Кен иштетүүчү компаниянын лицензиясы 2020-жылы бүтөт экен. Ошондо, 2020-жылдан кийин ал жер колдонулбай калабы? Бир жылда иш бүтпөй токтоп калса, экологияга таасири тийип калбайбы?

— Элге мыйзам чегинде каражат төлөп жатышса, бардыгы талапка жооп берип жатса, карап көрүп ГКПМ чечип бериши керек да. Токтобошу керек. Себеби, аталган жактан уранды алып кетүү отуз жылдык долбоорду түзөт. Бардыгы талапка ылайык иш алып барышат. Радиацияны эч ким көрбөйт, же кармап жыттай албайсың. Болгону, каражаттын жардамы менен иш жүргүзүлөт. 

5 пикир

5 пикир

  1. Гулира

    20.04.2019 14:04

    Маниторинг,радияция- деп туура эмес жазылыптыр…

  2. МК

    21.04.2019 00:27

    Түшүнгүч жок болсо кантип түшүнмөк эле!!!Келесоо боло калышат..

  3. Шаиркуль

    22.04.2019 12:57

    Канча төлөдү сизге,деги эмне деп суйлогонунузду түшүнүп жатасызбы?Сиз эмне химиксизби,жок дегенде проф.специалистердин ойлорун окубайсызбы,эмне эми кыргыздын тукумун куруталы деп жатасыңарбы? Силер кыргыздын душманысынар мындай сөздөрдү айтып жатканынар үчүн.

  4. К .К

    24.04.2019 19:52

    7-8чабандын бештен баласы бар ал эле 40 киши болот ошол азбы

  5. dremas

    25.04.2019 21:50

    Кызмат ордун сактап калуу учун дооругон создорду айтыптыр, рекультивациядан кийин мал жайганга болмок беле? Уялбай радиация козго корунбойт деп коет. Уятсыздыктын чеги болуш керек!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM