Биз менен байланышыңыз

Ашыкча ишенчээктик альцгеймер оорусуна алып келет

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 773 | 0

Ашыкча ишенчээктердин унутчаактык оорусуна кабылуу ыктымалы жогору. Бул АКШдагы Раш университетиндеги Альцгеймер оорусун окутуу борборунун нейропсихологдору жүргүзгөн изилдөөдө тастыкталган. Анын жыйынтыгы «Annals of Internal Medicine» журналына жарыяланды.

Аталган борбор 6 жыл бою 935 адамга байкоо жүргүзүшкөн. Алардын көпчүлүгү 70 жаштан өйдөкү адамдар болгон. Аягында ишенчээктер көп алданып, алдамчылардын тузагына бат түшүп калары аныкталган. Дал ошол алданып калуунун башкы себеби унутчаактык экени көрсөтүлгөн.

Адистердин айтымында, ашыкча ишенчээктер көп алданышат. Натыйжасында эс тутумга доо келип, бара-бара көп нерсени унута башташат. Ошондой эле, аларда Альцгеймер оорусунун симптомдору эрте байкалат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM