Биз менен байланышыңыз

Дүйнө жүзүндө рак эпидемиясы жүрүү коркунучу бар

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Апр 2019 | 721 | 0

Дүйнө жүзүндө рак эпидемиясы жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу немец дарыгерлери билдиришти. Алардын айтымында, эгерде ушундай темп менен улана берсе, аталган оорунун ар бир экинчи адамга жугуу коркунучу бар.

«Бүгүнкү күндө айыкпас дартка чалдыккандар мурдагыга салыштырмалуу көбөйдү»,— дейт Берлиндеги рак менен күрөшүүчү «Шарите» комплекстик борборунун жетекчиси, дарыгер Ульрих Кайльхольц. Аталган дартка кабылбоо үчүн дени сак жашоо түзүүбүз керектигин билдирген.

Изилдөөлөргө ылайык, рактын көбөйүүсү алкоголдук ичимдиктерди колдонуу, ашыкча салмактуулук жана чылым чегүү сыяктуу факторлорго байланыштуу экендиги аныкталган. Акыркы убактарда чылым чеккен эркектердин саны кыскарганы менен, аялдардын саны өскөндүгү байкалган.

Агрессивдүү химиялык каражаттар дайыма эле оң жыйынтык бербейт. «Башка тармактарга салыштырмалуу онкологиядагы өнүгүүлөр артта калууда . Көптөгөн жетишкендиктер жана ачылыштар болуп жатканы менен, рак илдети боюнча так натыйжалуу жыйынтык жок»,- дейт немец онкологиялык изилдөө борборунун эпидемиологу Фолькер Арндт.

Медицина оорулуулардын өмүрүн узартуу үчүн оор илдетке туруштук берүүчү күчтүү дарыларды колдонуп келишет. Ар кандай терапиялар менен өтүүчү жаңы ыкмалар чыгып жатат. Бирок, ракка каршы жаңы чыккан дары-дармектер өтө кымбат. Акыркы жылдары баалар эки-үч эсе кымбаттап кеткен.

Эске сала кетсек, америкалык окумуштуулардын жүргүзгөн изилдөөлөрүнө ылайык, чай менен кофени да чектен ашыкча колдонуу айыкпас дартка чалдыгууга алып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM