Биз менен байланышыңыз

Шашып кайда барабыз?

Блог | 14 Апр 2019 | 2122 | 7

Агаларымдын биринен мендеги кемчиликти сурадым. Ал ойлонбой туруп, «Шашмасың», — деди.

Таң калдым. Анткени, сыртымдан оор басырыктуу көрүнөм. Көпкө ойлонуп, акыры шашма экенимди моюндадым. Чынында, шашмалык табиятымда жок болчу. Качан, кайдан жуктуруп алганымды өзүм да билбейм.

Эстедим…  Айылдын жайбаракат, бир калыптагы жашоосуна көнгөн жаным, «билим алам, адам болом» деп келип, шаардын шаркыраган агымына көнө албай, «Бул жактын жашоосу таптакыр башкача экен, эч нерсеге жетишпей жатам», — деп апама телефон чалып ыйлактаганымды эстедим. Анан, алардан артта калбоонун аракетин көрүп жүрүп, акыры мен да шашмалыктын шамалына айдалып, агымына жуурулуп кеткенимди эстедим.

Кай жагымды карабайын — шашкан адам. Жумушка шашкан, үйгө шашкан, оюнга шашкан, баюуга шашкан, ийгиликке жетүүгө шашкан, элди таң калтырууга шашкан. Шашкан … Шашкан…. Шаардыктарга бул ооруну атайылап бирөө жуктуруп койгонбу? Же бул мага гана ушундай көрүнүп жатабы? Же азыркы замандын жашоо талабы ушундайбы?

Мендеги шашмалык ар бир баштаган ишимдин аягына чыгарышыма тоскоол болот. Бир ишти баштайм, аягына чыкпай жатып, экинчисин баштайм. Экинчисин баштап жатып, үчүнчү ишти ойлоном. Ойлорум чаржайыт. Күндө мээме миңдеген ойлор келип, миң тарапка алып кетет, натыйжада, бир да ишимдин жыйынтыгы мени да, элди да канааттандырбайт. Шашма заманда мен да элден калбай, элдин агымында болууга аракет кылсам керек. Алактаган жаным ар бир кылган иштин жыйынтыгын чыгарып, ар бир кадамды ойлонуп ташташ керек деген нерсени качан эле унуткартып койгондой. Эң өкүнүчтүүсү, элден биринчи болом деп, элден артта калганымда. Заманбап болом деп, эч ким болбой калганымда. Шашмалыгым мени бир жерде отургузбай, жүрөгүмө тынчтык бербей, мени бир нерседен кечигип жаткандай артымдан кубалап келет. Бирок аныкталган багытыбыз жок.

Эхх… Шашмалык бир гана менде болсо кана? Ал бүтүндөй жаш муунду өз кучагына алгандай. Шашмалыгыбыздан жайбаракат турмуш кечирип жаткандарды да жабыркатып жаткандыгыбыз анык.

Жолдорубуз шашылган, жол тыгынга чыдабай сөгүнгөн, бакырган айдоочуларга жык. Алардын эрте жетейин деген аракети канчалаган адамга залакасын тийгизип, канча адамды майып кылып, канчалаган өмүрдү алып кетүүдө…

Шашылыш ачыла калган бизнестер шаарды күндө ар түскө боёп, тазалана албай жаткан шаарыбызды үстү-үстүнө таштандыга толтуруп булгайт. Кечээ эле жаңы ачылды деп жаткан бизнес, он күндөн кийин барсаң жок. Ордуна дагы жаңы бизнес. Биринин идеясын бири уурдап, бири эмне кылса, экинчиси андан ашыра калып, бири жетпей калып, айта берсе бир жылда ачылган окшош бизнестер ого эле көп. Бизнесмендердин шашылыш түрдө бизнес ойлоп таап жаткандарынан улам канчалаган убакыт, акча, эмгек самандай сапырылып, мордон чыккан түтүндөй көккө сиңип жок болууда…

Үйлөнгөндөр да — шашма. Эң өкүнүчтүүсү да — ошол. Шашылыш үйлөнүп, шашылыш балалуу болуп, шашылыш кайра ажырашып… Шаарды «тирүүлөй жетимдерге» толтуруп жатканыбызды өзүбүз да моюндабайбыз. Бирин-бири сыйлоо, күтүү, урматтоо, ишеним деген үй-бүлөлүк баалуулуктарды таптакыр унутуп койгондойбуз.

Билимге болгон умтулуубуз да — шашма. Шашылып кесип тандап, шашылып билим алабыз. Жыл сайын канчалаган студент жогорку билим алууга аттанып, бирок аяктагандан кийин эч ким боло албай, турмуштан өзүн таба албай кыйналышат. Шашмалыктан бир кесиптин толук кандуу ээси боло алышпайт. Бир окуу жакпай экинчисине барып, ал да жакпай, жыйынтыгында «иттен жок, же ит байлаган жиптен жок» арабөк калгандары канча дейсиң. Жаштардын баары эле шашат, алдыга умтулат, өзүн ар жактан сынап көрөт, өкүнүчтүүсү, өзүн таппайт…

Депутаттарыбыз шашма. Акыр аягына чейин ойлонулбаган, толук кандуу иштелип чыкпаган мыйзамдарды шашылыш кабыл алып беришет. Шашылыш кабыл алынган мыйзамдардан канчалаган акча, убакыт, адам, бүтүндөй өлкө жабыр тартууда…

Астейдил ойлонуп көрсөм шашмалык баарыбызды азгырып, баарыбызды белгисиз туңгуюкка сүйрөп бараткандай. Өзүбүз эле шашпай, өлүмдүн да шаштысын алып койгондойбуз.  Ошол шашмалык өмүрүбүздү четинен кемирип-кесип, Ажалдын да шайын оодарып жатканын сезгибиз келбейт.

Шашуудагы максатыбыз эмне? Артыбыздан кууган белгисиз бирөө барбы? Кайдан келип, кайда шашып баратабыз?

«Шашкан шайтандын иши» дечү беле?… .

7 пикир

7 пикир

  1. Жумагул

    14.04.2019 13:09

    Азаматсын эн туура жазылган ойлор. Жашоодогу чындык

  2. МУхамбет

    14.04.2019 13:13

    👍👍👍👍👍

  3. ?

    14.04.2019 13:26

    Азаматсын онорун оркундрйберсин

  4. Каныбек

    14.04.2019 13:35

    Ен сонун жазылыптыр чынында еле шашып кайда барабыз .

  5. nursultan muktaraliev

    14.04.2019 14:59

    Jakshy makala boluptur! Chon rahmat!

  6. Нурис

    15.04.2019 19:24

    Даа ачуу бирок чындык субхаан Аллах акыйкатта каяка бара жатабыз баарыбыз эле шашып. Даана эле мени сүрөттөп бериптирсиз рахмат чоң

  7. Ыкывал

    17.06.2019 08:59

    Эн сонун жазылыптыр. Мага аябай жетти. Ийгилик. Аябай терен ойлор менен жазылган…

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM