Биз менен байланышыңыз

КСДПнын коалициядагы «төрү» талашта

Саясат | 10 Апр 2019 | 899 | 0

Депутат Исхак Масалиев КСДПны көпчүлүк коалициядагы ордун бошотуп берүүсүн сунуштады.

«Жогорку Кеңештеги азыркы көпчүлүк коалиция мыйзамга дал келбейт». Мындай пикирди «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев айтып чыкты. Ал коалицияга өткөн жылы «Республика-Ата Журт» фракциясы коштурулганын, бул мыйзамга каршы келген кадам экенин айтты. Себеби мыйзамдын табияты боюнча коалиция бир жолу түзүлөт, курам өзгөргөндө жаңыдан түзүлүшү зарыл деп түшүндүрдү.

-Парламенттеги көпчүлүк коалициянын негизин түзгөн фракциянын өз партиясы менен талаш-тартыш абалда болуп жатканы жалпы Жогорку Кеңештин ишине зыян келтирет. Коомчулукта да түшүнүксүздүктү жаратат. Ошондуктан тез арада көпчүлүк коалицияны таратып, кайра түзүү зарыл. Ага КСДП фракциясы кирбеши керек. 

Ал эми парламенттеги көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов, «Республика-Ата Журт» фракциясынын көпчүлүк коалицияга кошулганы мыйзамдуу экенин айтты. Ошондой эле КСДП коалициядан чыкпай турганын билдирди.

Фракция менен партиянын бир бөлүгү оппозицияга өтсө да КСДПнын көпчүлүк коалицияда калышына мыйзам жол берет. Фракция коалициядан чыкпайт. Экинчиден, туура, бүгүн партия иш жүзүндө экиге бөлүнүп кетти. 

«Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев көпчүлүк коалиция кайра түзүлө турган болсо мыйзам боюнча өкмөт да алмашышы керектигин эске салды. Муну менен катар, «Республика-Ата Журттун» көпчүлүк коалициядагы орду байкалбай жатканын кошумчалады.

Коалиция фракциядан түзүлөт. Жаңы коалиция деген сөз бул жаңы өкмөт, жаңы премьер-министр келиши керек дегенди билдирет. Же ошол эле өкмөт, бирок процедурага ылайык, жаңыдан келиши керек. Анан мен «Республика-Ата Журт» фракциясына кайрылат элем, силер көпчүлүк коалициядасыңарбы же жөн эле катталып эле койгонсуңарбы?

Учурда Жогорку Кеңеште КСДП, «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары башкаруучу коалицияда, ошондой эле «Республика-Ата Журт» фракциясы 2018-жылы кошулган. «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары оппозициялык азчылыкта. «Республика Ата-Журт» фракциясынын депутаты Максат Сабиров партиянын көпчүлүк коалициядагы орду тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.

-Кандай болгон чакта да биздин фракцияда 28 депутат бар. Көпчүлүк коалициядабыз деп ушул жерде отурабыз да. Мен 9 жылдан бери депутатмын, ар 6 ай сайын тарап келе жатпайбызбы, бул жолу да эч нерсе өзгөрбөйт. 

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Нарынбек Молдобаев эгер көпчүлүк коалиция тарабай туруп, курамына бир фракция кошулса да өкмөт алмашышы керек деп эсептейт. Себеби өкмөт коалициядан куралат.

-КСДП партиясынын бир бөлүгү өзү оппозицияга өтүп жатса алардын коалицияда калганга моралдык укугу жок. Себеби фракция партиянын парламенттеги өкүлү да, ошондуктан фракция партиянын чечимин аткарышы керек. Анан көгөрүп эле отура берсе, элге деле жакпайт го. 

Парламентаризмдин эрежелери боюнча көпчүлүк коалицияга партиялардын программасы дал келип, бири-бирине каршы келбесе гана коалиция болуп эсептелерин эксперттер айтат. Бирок Жогорку Кеңештин регламентинде фракция партиянын чечимдерине баш ийбейт деген түшүнүк калыптанып калганын, бул туура эместигин юридика илимдеринин доктору Канатбек Азиз белгилейт.

Иса Өмүркулов фракция партиянын чечимдерине баш ийбешине мыйзам жол берет деп ушуга эле таянып жатат. Бирок бул туура эмес. Азыркы учурда КСДП фракциясы оппозицияда калып, оппозицияда болбосо да азчылыкта калып, калган партиялардан көпчүлүк коалицияны түзүү зарыл, ага КСДП кошулбашы керек. 

Жогоруда айткандай эл өкүлү Исхак Масалиев болсо тез арада коалицияны кайра түзүү керек. Бирок ошол эле учурда коомчулук, карапайым эл мындан эч пайда көрбөйт дегендер да бар.

Copyright © 2017 Maral FM