Биз менен байланышыңыз

«IT тармагында айымдарды көбөйтүүгө аракет жасалууда»

Кыска кабар | 5 Апр 2019 | 725 | 0

Кыргызстанда IT тармагында эмгектенген адистердин 90 %ын эркек балдар түзөт. Мындан улам, бул жаатта кыздардын санын көбөйтүүгө басым жасалып, түрдүү демилгелер ишке ашырылууда. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Улан Мамбетакунов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Кыздар IT тармагында жана илимде» аталышындагы семинар, тегерек үстөлдөр уюштурулууда.

«Телеграмм социалдык тармагы аркылуу болсо да информатика адистеринин көйгөйүн аныктоо максатында өлкө аймагында мугалимдердин тайпасын түзгөнбүз. Ар кандай  долбоорлор менен бирге мугалимдердин дараметин көтөрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Алар үчүн өзүнчө сайт даярдап жатабыз. Ал жерде мугалимдер үчүн IT тармагындагы акыркы жаңылыктарды жайгаштырып турабыз«, — дейт Мамбетакунов.

Анын билдиргенине караганда, Кыргыз билим берүү академиясы менен «Креатив таалим» мектебинин өкүлдөрү республика боюнча IT мугалимдерин  чогултуп, семинар уюштурууда.

Окуучуларга IT тармагындагы жаңылыктарды жеткирүү үчүн бир топ иш-чаралар уюштуруулуда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM