Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Кыргыз-казак чек арасындагы маселе чечилет

Кыска кабар | 5 Апр 2019 | 790 | 0

Өкмөт кыргыз-казак чек арасындагы маселени чечүүнүн үстүндө иш алып барып жатат. Мындай маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында айтты. Анда ал Казакстандын жаңы өкмөт башчысы Аскар Мамин менен телефон аркылуу 3 жолу сүйлөшкөнүн маалымдады. Аны менен катар ЕАЭБдин комиссиясынын төрагасы менен да байланышканын белгилеп, чечүү үчүн керектүү чаралар көрүлөрүн жар салды.

— Бажы кызматынын жетекчилери кечээ кечинде казак премьер-министринин кабинетинде отуруп сүйлөшүштү. Туура чечимге келишти, анын натыйжасын бүгүн-эртең көрөбүз. Болбосо Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыгы үчүн келишимди аткарууну өнөктөштөрдөн талап кылабыз. Айрымдар өкмөт унчукпай жатат деп жүрүшөт. Унчукпай чечилчү айрым экономикалык маселелер бар.

Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек-Автожол» көзөмөл өткөрүү бекетинде жүк ташуучу унаа тыгыны узарууда. Буга 19-марттан тарта казак тараптан транспортторду текшерүү көп убакытты алганы себеп болуп жатат. Жогорку Кеңеш 4-апрелде бул маселени жабык эшик артында караган.

Copyright © 2017 Maral FM