Биз менен байланышыңыз

«Билим берүү министрлигинин коррупциялык схемалары көп»

Коом | 4 Апр 2019 | 743 | 0

Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигине окуу китептерди басып чыгаруу боюнча мыйзамсыз иштер жана 13 млн. сомдон ашуун акчаны майнапсыз пайдалангандыгы үчүн бир катар жетекчилерге кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында аталган көзөмөл органынын маалымат катчысы Жаркынай Азимова кабарлады.

— Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Билим берүү жана илим министрлигинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам бузулганы аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган министрликтин кызмат адамдарынын иш-аракеттеринде КРнын жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 234-берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштардын курамы байкалгандыктан, мындан аркы сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рээстирине катталган.  

2017-жылдын 1-августунда аталган министрликтин жооптуу кызматкерлери кыргыз, орус, өзбек тилдүү мектептердин 5-класстары үчүн «Англис тили»  китептерин басып чыгаруу боюнча тендер өткөрүшкөн. Тендер республикалык бюджеттен каржыланган. Бирок ошол эле учурда, Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында 5-класстын китептерин бастырууга 2 735 772 АКШ доллары бөлүнгөн. Анда аталган басылмаларды кредиттик жана гранттык каражаттардын эсебинен кайрадан чыгаруу пландаштырылган. Бул жагдайды тактоо максатында билим берүү министрлигине кайрылганыбызда, «Тактап көрөлү» дегенден башка жооп ала албадык.

Ал боюнча мен тактап көрөйүнчү. Мен өзүм сизге байланышам.

Нусканы көбөйтүп басып чыгаруу туурасындагы келишимдердеги мыйзамсыз коюлган талаптардын жыйынтыгынан улам, китеп баскан «П» Жоопкерчилиги чектелген коому менен «У» Ачык акционердик коомуна авторлорго калем акы төлөө жазылган. Бирок иш жүзүндө аталган ишканалар факты боюнча калем акы берген эмес, анын кесепетинен бюджеттик эсептен 1 884 000 сом ашыкча чыгымдалган. Эл өкүлү Рыскелди Момбековдун пикиринде бул маселелердин келип чыгуусуна мамлекеттик басмакананын жоктугу себеп дейт.

— Бул негиздүү болчу. Бул иш көптөн бери козголбой келген. Акыркы 10 жылдан бери биздеги окуу куралдардын баарын жеке менчик басмаканалар басып келет. Чатактын баары ошол жакта. Негизинен китептер эл аралык уюмдар, буткүл дүйнөлүк банк берген акчага басылат. Бул маселелердин бардыгы мамлекеттин өзүнүн басмаканасынын жоктугунан жаралууда. Бизде мамлекеттик маанидеги, иш кагаздардын, мамлекеттик басмаканада басмайынча, бул маселе улана берет.

Физика-математика илимдеринин доктору Каныбек Осмоналиев Билим берүү министрлигине иш козголгонуна таң калбаганын маалымдады. Анын билдиришинче, аталган министрликтеги коррупциялык иштер көп жылдан бери системалуу түрдө жүрүп келет.

-Мен, Билим берүү министрлигине иш козголгонуна таң калбай элемин. Башкы прокуратура эгерде элди сыйласа, билим берүү системасы оң жолго коюлсун, коррупциялык системалар жоюлсун десе, эч нерсеге карабай текшерүүсүн улантса, бүгункүдөн да көп былыктар чыгат. Бул азыркы эле эмес, буга чейинки министрликтерде да жасалып келген схемалар. Бул абдан чоң, чуулгандуу, резонанстуу коррупциялык иштердин башаты деп ойлойм. Бул министрлик китеп гана эмес, башка багыттар боюнча дагы болуп көрбөгөндөй коррупцияга малынган. Мисалы, илимий долбоорлор боюнча да былтыр иш козголуп, бирок кайра сүйлөшүү жолу менен жаптырылган.

Китептеги каталар, тендердеги кемчиликтер чуулгандуу окуяга айланып, Билим берүү жана илим министринин дарегине айтылган сындардын аягы тыйылбай келет.

Copyright © 2017 Maral FM