Акыркы учурда социалдык тармактарда, жарнамаларда оңой жана бат баюунун жолдорун үйрөткөн компаниялар көбөйдү. Ар кандай манипуляциялык терминдерди колдонуп, тармактык маркетингге үндөгөндөр четтен саналат. Мындан улам биз тармактык маркетингге изилдөө жүргүзүп көрдүк.
Тармактык маркетинг студенттерге коюлган «кылтакпы»?
«Үйдө отуруп акча тап», «Биз менен бирге бизнес жаса», «шансыңды жоготпо», «студенттер үчүн жумуш» деген сыяктуу жарнамаларды социалдык түйүндөрдөн, көрнөк-жарнактардан байма-бай кезиктирүүгө болот. Товар катары дары-дармектен тартып, косметикага чейин сунуштап, тез баюунун жолун үйрөтөбүз деген компаниялар соңку кезде күч алды. «Жарнамада башка жумуш жазылганынан барсам, кеңседе башка иш сунушташты», — деген студент Кубаныч окуудан сырткаркы убактарда иштөө үчүн бир канча жолу жарнама аркылуу жумуш издеп барып, бирок баарында тармактык бизнеске туш келгенин айтат.
-Негизи жарнамада офис менеджер, же дагы ушул сыяктуу сунуштарды жазышат. Кызыгып чалсаң, кеңсеге келип сүйлөшүүгө көндүрөт. Биринчи барганда сезбедим. Тренинг өтүп, дагы киши ээрчитип келгиле деп үндөп баштаганда, болбогон иш экенин билдим.
«Сетевой маркетинг» билим жана жаш тандабайт…
Кубаныч сыяктуу биз да жарнамалардын бирине телефон чалып көрдүк. Башында бизди кеңсеге келип сүйлөшүүгө көндүрүүгө аракет жасашты. Бирок ага карабай, биз алардан телефон аркылуу маалымат берүүсүн өтүндүк. Албетте, алардын бизге айткандары таң калтырбай койгон жок. Анткени, алардын айтымында баюу үчүн бир ай жетиштүү жана ал үчүн жаш өзгөчөлүк маанилүү эмес.
— Биз жаш өзгөчөлүгүнө карабайбыз. Жашы 12де болсо да, эң негизгиси адам менен сүйлөшө алуусу керек. Башында сизге кантип коммуникация кылуу керектиги үйрөтүлөт. Андан соң, 1000 сом берип катталасыз. Анан 15 миң сомго товар сатып аласыз. Товарлар Европадан келет. Алгачкы жумадагы айлыгыңыз 4 миң сом болот. Кийин ал иштегенинизге жараша улам көтөрүлүп жүрүп отурат. Айына 150 миң сомго чейин алгандар да бар.
Атын атагысы келбеген дагы бир каарманыбыз 2 айдан бери ушул тармакта иштейт. Бирок ортодо иштей албай калган учуру да болгон. Бирок аракет кылып, бош калган күндөрдөгү албай калган акчаны кийинки айдын эсебинен толуктап алам дейт.
—Бизнесиңди 15 миң сом менен баштайсың. Башында берген акчаңды эки эсе кылып өндүрүп аласың. Менин киргениме 2 ай болду. Бирок ортодо иштей албай калган күндөр да болду. Ал эми менин эжем 5 ай мурда кирип, өзүнө автоунаа алууга жетишти. Мен да буйруса, байып кетем деп ойлойм.
Финансылык сабатсыздык… Тармактык маркетингден алдангандар
Бизнес тренерлер Кыргызстанда мындай маркетингдин көбөйүп жатышына, финансылык сабаттуулуктун жоктугун айтышат. «Айрым бир кемчиликтерден улам сызга отуруп калгандар да жок эмес»,- дейт бизнес тренер Канатбек Абдилов.
— Кыргызстанда тармактык маркетинг көбөйдү. Аны көзөмөлгө алган орган жок. Элде финансылык сабаттуулук жетишпей жатат. Анын кесепетинен билип, билбей, компанияларга кошулуп кеткендер көп. Мамлекет алдын алып баарын үйрөтүшү керек. Сабаттуулукту көтөрүү зарыл. Бул бизнести жалгыз гана киреше булагы катары көрүп, сызга отуруп калгандар көп. Карызга батып, товарын сата албай, айла жок алдамчылыкка баргандар да жок эмес.
Сабатсыздыктын айынан алданган учурда мыйзамга ылайык, ар бир жаран арыз жазып укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу. «Бирок мындай бизнестин түрүнө кошулгандардын көпчүлүгү өз ыктыяры менен киргендиктен жана компания ээси жоопко тартылып калуудан чочулагандан улам, өз ара чечүүгө аракет кылышат«,- дейт юрист Канатбек Азиз.
— Көбү агент катары, бир компаниянын өкүлчүлүгү катары иштеп жүрөт. Компаниянын аты жок эле иштеп жүргөндөр да бар. Ал эми аларга киргендер кошулардан мурда көбүрөөк кирешени ойлоп, укуктук жагын унутуп калышат. Алданып калган учурда да, өз ара чечкенге аракет кылышат. Бирок ал киши укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу.
Шарият эмне дейт?
Эми бул бизнестин түрүнө диндин өкүмү кандай? Бул жагдайга да кызыгып көрдүк. Шариятка ылайык, тармактык бизнестин көп жагдайлары туура келбей тургандыгын муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бахтияр Токтогазы уулу айтат.
—Биринчиден, бул — кумар, экинчиден алар сунуштаган товар өтө кымбат баада берилип жатат. Анткени, ошол эле товарлардын аналогу арзан баада болуп жатат. Ошондой эле тармактык бизнесте алдамчылык бар, пайда кайсы пайыздан келери да күмөн, ошондуктан сүткорлук да бар. Андан тышкары, эки сооданын бир соодада болуусу да бар. Жогоруда айтылган себептерден улам, тармактык (сетевой) маркетингдин кайсы гана түрү болбосун, шариятка каршы келет.
Деген менен бүгүнкү күндө тармактык бизнес кулачын жайып, аны байма-бай жарнамалагандардын катарында шоу-бизнестин өкүлдөрү, белгилүү инсандар да бар.