Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда М.В. Ломоносов университетинин филиалы ачылат

Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 449 | 0

Кыргызстанда Орусиядагы М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат. Бул маселе президент Сооронбай Жээнбековдун жеке көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу бүгүн Президенттик Аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү макулдашуу Кыргызстан менен Россиядагы университеттердин ректорлорунун Бишкекте өткөн форумунда сүйлөшүлгөн.

«Форумдун жыйынтыгында 70 документке кол коюлган. Анын ичинде, МГУнун филиалын ачуу боюнча сүйлөшүү да бар. Мамлекет башчысы бул маселени өз көзөмөлүнө алды», — деди Сыдыков.

27-мартта Бишкекте өткөн ректорлордун форумунда МГУнун башчысы Виктор Садовничий университеттин филиалын Кыргызстанда ачуу үчүн алты жолу макулдугун бергенин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM