Биз менен байланышыңыз

Каракас кайрадан жарыксыз калды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2019 | 668 | 0

25-мартта Венесуэлада  экинчи ирет масштабдуу электр энергиясын өчүрүү болду. Каракастын бир нече райондору электр жарыгы жок калышты. Ошондой эле борбор шаардагы метро убактылуу ишин токтоткондугун Deutsche Welle сайты билдирди.

Эске салсак, электр жарыгы алгачкы жолу 7-мартта  Венесуэладагы  ири «Гури» ГЭСинен чыккан авариядан улам өчүрүлгөн. Мамлекеттик бийлик буга оппозиция жана америкалык хакерлер күнөөлүү деп тапкан. Ал эми оппозициянын лидери Хуан Гуайдо болсо, Николас Мадуро башында турган Өкмөттүн натыйжалуу иш  алып баралбагандыгынын кесепети катары мүнөздөгөн.

14-мартта Венесуэла бийлиги өлкөдө  электр энергиясы толук калыбына келтирилгенин кабарлашкан эле. Ошол эле учурда Венесуэланын байланыш министри электр энергиясын сарамжалдуу колдонууга чакырган.

Венесуэлада бир канча айдан бери экономикалык жана саясий кризис жүрүп келет. 22- январда Николас Мадуронун экинчи жолу мамлекет башчысы болуп келишине каршы массалык каршылык акциялары башталган. Андан кийинки эле күнү Хуан Гуайдо өзүн убактылуу президент катары жарыялаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM