Биз менен байланышыңыз

ВИЧке кабылгандардын ата-энелери бийликке кайрылды

Ден соолук | 25 Мар 2019 | 982 | 0

Ооруканадагы шалаакылык айынан ВИЧ жугузгандар 2004-жылдан 2007-жылга чейинки аралыкта төрөлгөн балдар. Алардын баарына ооруканада жатканда медициналык жардам көрсөтүлүп жаткан учурда ВИЧ жуккан. Бишкеке 25-мартта 40ка жакын эне көгөйүн айтып келген. Илдет жугуп калган балдардын саны Ош облусун боюнча болжолдуу 520 экенин митингге катышкан энелердин бири айтып берди.

-Оорулуу балдарыбыздын көйгөйүн чечүү үчүн келдик. Бизди 13:00дө кабыл аларын айтышты. Ош жана Ноокат ооруканаларында дарыланган 2004-2007-жылдары төрөлгөн балдар ВИЧ илдетин жуктурушкан. Бишкекке 40ка жакын ата-эне балдары менен келдик. Жалпысынан 520 балага ВИЧ ооруусуна чалдыккандыгы тууралуу диагноз коюлган.

Ооруканада бир жолу сайыла турган ийне ондогон балага колдонулган. Буга нааразы болгон ата-энелер балдары 18ге чыгып көйгөй көбөйгөнүн билдирди. Алардын айтымында, өкмөт, дары-дармектен ашпаган 4000 сомдон башка эч кандай жардам көрсөтпөйт.-Атын атабай эле коёюн, Ошко барган бирөө биздин балдар дартты бирөөдөн жуктурган деген оюн айтты. Анын сөздөрү катуу тийди. Бизди же 4-5 жаштагы балдарыбызды сойкулук менен алектенген деген таризде пикирин айтты. Окуяга тиешелүү дарыгерлер 1,2 ай жумуштан бошотулуп, кийин кайрадан эле ишин улантышты. Эч ким жазага тартылбады. Ортодон биздин үй-бүлөлөр бузулуп, балдарыбыз азабын көрдү. Ошондой эле оорулуу балдарга берилип жаткан жөлөк пул 18 жашка жеткенде токтотулду. Мындан сырткары аскерге чакыруу келүүдө. Ал жерде дары-дармегин убагында ичүүгө мүмкүнчүлүк жок, кантип кызмат өтөйт, түшүнүксүз.

СПИДке каршы күрөшүү борборунун башчысынын орун басары Айбек Бекболотовдун маалыматы боюнча, митингге чыккан ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү. Анда нааразы болгон ата-энелердин талаптары угулуп, атайын комиссия түзүлдү.

-ВИЧ ооруусун жуктурган балдардын ата-энелери тарабынан бир-нече талаптар коюлду. Жөлөк пул, билим берүү, жогорку окуу жайларга окутуу, жер, үй жана аскердик кызмат өтөө маселелери көтөрүлүп талкууланды. Бүгүнкү жолугушууга Саламаттык сактоо министирлиги, социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана эл өкүлү Айнура Алтыбаева катышып, атайын комиссия түзүлдү. Комиссиялык топ ата-энелердин талаптары боюнча иш-чараларды өткөрөт.

Ата-энелердин айтымында, айыптуулар жазага тартылбай, ишмердүүлүгүн бүгүнкү күнгө чейин улантууда. Мурунку вице-премьер-министр Дамира Ниязалиеванын айтуусунда, комитет тарабынан ошол учурда айыптуулар жазага тартылсын деген чечим кабыл алыган. Анын аткарылуусун эл өкүлдөрү бүгүнкү күндө да талап кылууга укугу бар.

-Бул маселе боюнча айыптууларга чара көрүлүүсү боюнча Жогорку Кеңеште комитетин чечими кабыл алынган. Өкмөт аткаруусу керек эле. Эгерде аткарылбаган болсо, бүгүнкү күндө да депутаттар эмне себептен аткарылбагандыгы тууралуу маселе көтөрсө жакшы болмок. Комитеттин чечими сөзсүз аткарылуусу керек. 

Кыргызстанда 2018-жылдын соңуна карата ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 кишиден ашкан. Анын ичинде 8137 киши Кыргызстандын жараны жана 645 жаш балдар. Анын теңинен көбү илдетти 2006-2008-жылдары ооруканада жуктурган.

Copyright © 2017 Maral FM