Connect with us

Жээнбеков: Биз үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейбиз

Кыска кабар | 24 Мар 2019 | 885 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революция күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы кайрылуусунда бийлик дагы, коомчулук дагы Аксы окуяларынан, Март жана Апрель элдик революцияларынан сабак алууга милдеттүү экенин айтып, үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербей турганын баса белгилеген.

«Урматтуу мекендештер! 2005-жылдын 24-марты — эркин мамлекет, адилеттүү коом үчүн, үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жана коррупцияга каршы чыккан кыргыз элинин каарман күрөшүнүн санжыралуу барактарынын бири. Март окуялары уюткулуу кыргыз элинин эгемендик үчүн күрөштө майтарылбас эркин жана эч качан тизе бүкпөсүн көрсөттү, адилетсиздикке жол бербестигин, бийликтин булагы эл экендигин далилдеди. Тилекке каршы март революциясы максатына жетпеди. Бийлик дагы, коомчулук дагы Аксы окуяларынан, Март жана Апрель элдик революцияларынан сабак алууга милдеттүү. Биз үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейбиз!Биздин максатыбыз — эркин жана гүлдөп өнүккөн мамлекет куруу, калктын жашоосу үчүн татыктуу шарттарды түзүү. Ынтымагыбыз жана биримдигибиз чыңдалып, өнүгө берели!,»- деген мамлекет башчысы.

Copyright © 2017 Maral FM