Биз менен байланышыңыз

“Электр станциялары” ишканасынын башчысы Аскар Эшимбеков каза болду

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 503 | 0

“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башчысы Аскар Эшимбеков каза болду. Эшимбеков бүгүн 57 жаш курагында оорудан улам бул дүйнө менен кош айтышты.

Ал энергетика системасы тармагында 30 жылдан ашык иштенген. Эмгек жолун Ош шаарынын Жылуулук электр борборунда баштаган. Электрослесарь кызматынан тарта “Түндүкэлектро” ААКнын генералдык директору кызматына чейин жеткен.

Аскар Эшимбеков өмүрүнүн акыркы жылдары “Электр станциялары” ачык акционердик коомун жетектеп жаткан болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM