Биз менен байланышыңыз

Турсунбеков: Партиядагы тиреш токтобосо билетимди тапшырып кетем

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Мар 2019 | 740 | 0

КСДП партиясындагы тиреш токтобосо билетимди тапшырып кетем. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Турсунбеков өз алдынча партия түзүү тууралуу да ойлору болуп жатканын кошумчалады.

Ошондой эле башка партиялардан да сунуштар келип жатканын ачыктады.

Депутаттын пикиринде КСДПдагы азыркы кырдаал өлкөнүн стабилдүүлүгүнө таасир тийгизип жатат.

Эске салсак, Кыргызстан социал-демократтар партиясы расмий түрдө оппозицияга өткөнүн жарыялаган. Ал эми парламенттеги КСДП фракциясы коалициянын курамында каларын фракция лидери Иса Өмүркулов айткан.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM