Биз менен байланышыңыз

Разаков: Эч кандай коридор, статус берилген жок

Кыска кабар | 19 Мар 2019 | 1382 | 0

Вице-премьер-министр Жениш Разаков кыргыз-тажик чек арасындагы макулдашуу боюнча маалымат берип, анда кээ бир серепчилер тарабынан айтылып жаткан коридор берилди деген маалыматты четке какты.

Мен окудум, Исфара-Ворух жолу боюнча жаштар жана серепчилер арасында өздөрүнчө кооптонуу болуп жатат. Исфара жолдун 1-пункту болсо, Ворух 2-пункт, ортодо бир пункттан экинчи пунктка жетүү үчүн үч жолу Төр-Терек, Таш-Тумшук, Ак-Сай аттуу кыргыз территориясын кесип өтөт. Ошондуктан кээ бир серепчилер коридор берилди деген ойду айтып жатышат. Эч кандай коридор, эч кандай статус берилген жок. Ак-Сайдын сыртынан курулуп жаткан жол — жеңилдик берүүчү кошумча жол, бул жерде бардыгы мыйзам чегинде, бардыгын талдап, макулдашып, ушундай чечимге келдик”, -деди Разаков.

Мындан сырткары үч айыл аймак мал алып чыккан Киревшим жайлоосуна  баруу үчүн айылга кирбей айланып, Аксай-Тамдык жолун салууну сунуштаганын, ага тажик тарап макул болгонун кошумчалады.

«Белгилеп кетейин, Тажикстандын жарандары Ворух айылына кириш үчүн Аксайдын ичинен кошумча жолдор менен кире берет. Ал эми Аксай –Тамдык жолун айтып коеюун, бүгүнкү күндө Ворух айылынын үстү жагында Киревшим деген жайлоо бар, ал жакка биздин Баткен районунун үч айыл аймагы малын алып чыгат. Бул Ак-Сай, Актатыр, Самаркандек айыл аймактары, жалпысынан алганда 65 миңден ашуун мал-жан чыгат экен. Азыркы күндө жайлоого чыгуу үчүн Ворух айылы боюнча бир гана жол бар. Албетте, бул жаз-күз боло турган иш, бирок, кандайдыр бир кыйынчылыктар бар. Ошон үчүн биз айылга кирбей айланып, Аксай-Тамдык жолун салалы, үч айыл аймагынын аймагын айланып, жайлоолорго баралы деп сунуштаганбыз”,- деди Разаков.

Ошондой эле Жениш Разаков кыргыз тараптын кызыкчылыгы каралбай калды деген пикирлердин туура эместигин белгилеп, протокол жарыяланаарын, анда эч кандай сыр жок экендигин айтты.

Протокол боюнча менин кесиптешим, Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим пункттары боюнча бүт айтып берди, эч кандай жашыруун нерсе жок, бул боюнча массалык маалымдоо каражаттарынын баарына чыгып жатат”,-деди вице-премьер-министр.

Кошучалай кетсек, кийинки жыйын Дүйшөмбүдө 4-5-апрелде өтөт. Анда делимитация, демаркация маселелери каралат.

Copyright © 2017 Maral FM