Биз менен байланышыңыз

Баткен: Чек арада абал тынч, жолдор жабык

Кыска кабар | 18 Мар 2019 | 1006 | 1

Бүгүн, 18-мартта кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү бүгүн билдирди. Ишемби, жекшемби күндөрү чек ара тилкелерде эки тарапта тең топтошкон адамдар болгон жок.

Учурда вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын, ИИМдин жана облустун жетекчилиги менен бирге Баткен облусунда жүрүшөт. Чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик делегацияларынын сүйлөшүүлөрү бүгүн дагы улантылат. Кечээ 10 сааттан ашык убакытка эки тараптуу сүйлөшүү болгон. Анда талкууланган маселелер тууралуу азырынча айтылат элек.

Исфара—Ворух (Тажикстан) жана Баткен—Лейлек (Кыргызстан) жолдору жабылып турат.

1 пикир

1 пикир

  1. Бек

    18.03.2019 20:38

    Тынч буткону жакшы болуптур бирок чек ара маселеси чечилгени кимге пайда кимге зыян билбейм бирок оз жеке оюм туура эмес деп ойлойм себеп ворух кайра эле жанагы жолдон журсо биздикилер жаны жолдон жол ачса бара бара аларга каридор ачып бербесек болгону мен айтарым ворухту азыргы биздин жаны жол салынып жаткан жолдон откоруш керек эле айлантырып буга мисал алсак биз баткен эли Фергана облусуна через Кадамжай аркылуу киребиз вот ушундай кылыш керек ТЖ рес Ворух анклабын биздикилер эмне коркобу же башка нерсеби билбейм не учун биздикилер да башка олкого окшоп катуу турбайт не учун биз кыргыздар кимден коркобуз кан тамырыбызда манас ата бабабыздын каны агып жатат биз эч кимден коркпошубуз керек кайра таджиктерди кайсыл жол менен болбосун кысып Лейлек баткен жолдорун туз эле кылыш керек эле туура эмес суйлосом кечирим сурайм эгер менда креслодо олтурганымда Айбалаевдин жолун жолдоп башкача кылмакмын

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM