Биз менен байланышыңыз

Тиллаев: Чек арадагы чыр бир апта мурун башталган

Кыска кабар | 14 Мар 2019 | 510 | 0

Жергиликтүү бийликтин жана тийиштүү министрликтердин иш алып барбаганы кыргыз-тажик чек арасындагы чырга себеп болду. Бул тууралуу Жогорку Кенештин депутаты Таабалды Тиллаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик жолугушууларды уюштуруп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек болчу. Эки элдин ортосунда суу талашы бар.

Депутаттын маалыматында негизги маселе 7-мартта башталган. тажиктер Кыргызстандын аймагына шагыл ташуу үчүн келишет. Кыргыздар буга каршы чыгып, эки элдин ортосунда чыр чыгып кеткен.

Учурда Баткен облусундагы маселе боюнча абал туруктуу. Эки мамлекеттер ортосунда вице-премерлердин жана чек арачылардын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM