Биз менен байланышыңыз

Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияга кол коюлду. Эми эмне өзгөрөт?

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Мар 2019 | 628 | 0

«Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге укуктук жардам берүү» фондунун президенти Толкунбек Исаков “Марал” радиосуна берген маегинде Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялоого кол коюу менен президент Сооронбай Жээнеков Кыргызстандын тарыхында чоң кадам жасаганын билдиди.

Анын айтмынла, эми Тышкы иштер министрлиги атайын ратификация боюнча грамота даярдап, БУУга өткөрүп берет. 30 күндөн соң Кыргызстан БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификация кылды деген макамга ээ болот.

Исаков конвенциянын ратификациядан өтүшү менен майыптарга укуктук жана социалдык мамиле жасаларын белгилейт.

— Биринчиден, тиешелүү мыйзамдар, укуктук-ченемдик актылар кабыл алынат. Экинчиден, мамлекеттик органдар баары майыптыгы бар жарандардын укуктары менен эсептешип, алар ишке ашуусу үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө багыт алат. Мамлекет конвенциянын нормаларын ишке ашырууда  майыптарды жумуш менен камсыз кылуу маселесин дагы камтыйт. Мурункуга караганда жыйынтык бир топ өзгөрөт. 

Исаков конвенцияда каралган шарттарды жүзөгө ашыруу үчүн 6 млрд сом керектелерин айтат.

— Бул сумма 10 жылдын ичинде бюджеттен бөлүнөрүн өкмөт да, президент да кепилдик берип жатат. Демек, бул чыгаша менен конвенцияда көрсөтүлгөн шарттар баары түзүлөт деген ишеничибиз бар. Мүмкүнчүлүгу чектелген адамдардын коому мыйзамдын аткарылышын көзөмөлгө алып турат. Мындан сырткары, ратификация болгон соң өкмөттүн курамында мониторинг жүргүзүү боюнча орган түзүлүшү керек. Ал мекеме конвенциянын нормалары канчалык денгээлде ишке ашып жатканын тескеп, жыйынтыгын коомчулукка, мамлекеттик органдарга берип турат.

Белгилей кетсек, бүгүн 14-мартта Кыргызстан майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялады. Бул тууралуу мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM