Биз менен байланышыңыз

КСДП: «УКМК биздин мүчөлөрүбүзгө басым көрсөтүүдө»

Саясат | 13 Мар 2019 | 654 | 0

КСДП партиясы Улуттук коопсуздук комитетин, партиянын региондук жыйындарын жана съездин өткөрүүгө тоскоолдук көрсөтүп жаткандыгын айыптап чыкты. Маалыматка ылайык, активистердин колуна УКМКнын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн башчысы Таабалдиев, жергиликтүү паспорттук столдун жетекчиси Бейшеевадан 18 жрандын паспорттук маалыматтарынын, көчүрмөлөрүн талап кылган катынын сүрөтү түшкөн.

КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында каттагы 18 жарандын бардыгы, партиянын мүчөлөрү.

-Жети-Өгүз райондук паспорттук столдон 18 жарандын өздүк маалыматын сураптыр. Тизмени карап көрсөк 18 адам тең биздин партиялаштар, баардыгы биздин партиянын облустук жыйынын катышуучулары экен. Биз УКМКнын кадамын басым катары баалоодобуз. Болбосо эмнеге 18 адамдын эле маалыматын сурап жатат.

КСДП партиясы УКМК жетекчилигинен партиянын делегаттарынын жеке маалыматтары “басым кылуу аракети болбосо” улуттук коопсуздука кандай тиешеси бар экендигин тушүндүрүп берүүнү талап кылган.

УКМК расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун маалыматына ылайык,  Коопсуздук комитетинин Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн башчысы дайындалганына бир ай болгон. Таабалдиев жергиликтүү эл менен таанышуу, карым-катнашты бекемдөө максатында жергиликтүү паспорттоштуруу жана каттоо мекемесине бир катар суроо-талаптарды жөнөткөн.

-Коопсуздук комитетинин Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн башчысы бул орунга бир ай мурда дайындалган. Ишине киришкенден кийин жергиликтүү эл менен танышуу, карым-катнашты бекемдөө максатында паспорттоштуруу жана каттоо мекемесине бир катар суроо-талаптарды жөнөткөндүгү аныкталды. Аны менен катар бул маселе боюнча УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы тарабынан териштирүү иштери жүрүүдө.  

Саясат талдоочу Чынара Эсенгулдун баамында мындай аракеттер болгону элдин көңүлүн буруу. Бул окуя парламенттик шайлоого карата саясий оюндардын башталышы гана.

-Кийинки жылы өтүүчү шайлоого карат саясий оюндардын башталгандыгы. Эки тарап тең чындыкка жатпаган маалыматтарды берип жаткан болуусу мүмкун. Ошондой эле бул маселени элдин оюн буруу иш аракеттери катары бааласа да болот. Саясат талдоочу катары бул окуя алдыдагы саясий оюндардын башталышы гана экендигин айткым келет.

Буга чейин КСДП партиясы бийликти Алмазбек Атамбаевдин партиясын ыдыратуу аракеттерин жүгүзүүдө деп айыптап келген.

Юрист Нурбек Токтакуновдун пикиринде, бийлик алдыдагы шайлоого даярдыгын баштаган. КСДП бүгүнкү күндө оппозициялык маанайдагы жалгыз партия. Андыктан УКМК бийликтин камчысын чабууда.

-Менин оюмча бийлик парламенттик шайлоого даярдыгын баштады. Мындан сырткары өзүнө баш ийген партияларды өткөрүү аракетин жургүзөт. Атамбаевдин партиясы бүгүнкү күндө опозициялык маанайдагы жалгыз партия. Ошондуктан УКМКнын аракеттерин КСДПга карата болгон кысым катары бааласа болот.

Саясий эксперт Акылбек Сариев УКМК өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча маселеде текшерүүгө укуктуу экендигин билдирди. Бирок чындыгында атайын кызмат тарабынан себепсиз текшерүү болгон болсо, партияга карата кысым катары бааласа болот.

-УКМК мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо боюнча маселеси болсо текшерүүгө укуктуу. Бирок чындыгында себепсиз текшерүү жүргүзгөн болсо, басым катары бааланса болот. Себеби ар бир партия же бир уюм өзүнүн жыйындарын өткөрүүгө укугу бар.

Кошумчалай кетсек, КСДП Алмазбек Атамбаевдин жетектөөсүндө 6-апрелде 18-съездин өткөрүүнү пландоодо.

Copyright © 2017 Maral FM