Биз менен байланышыңыз

«Колдонууга берилген социалдык объектилердин саны өстү»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Мар 2019 | 533 | 0

Турак жай жарандык департаментинин директорунун орун басары Улукбек Матисаков “Марал” радиосуна берген маегинде курулуш тармагында жакынкы күндө «Бирдиктүү терезе» кызматы ишке кирээрин билдирди.

Анын айтымында, «Бирдиктүү терезенин» ишке кириши менен тийиштүү уруксат кагаздарын бир жерден алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан сырткары курулушту паралелдүү долбоорлоо маселеси дагы каралып жатат.

Анын билдиргенине караганда, соңку жылдары колдонууга берилген социалдык объектилердин саны өскөн. Тагыраагы 2010-жылы 50гө жакын социалдык объекти пайдаланууга берилсе, 2018-жылы бул көрсөткүч 156га жогорулаган. Алардын басымдуу бөлүгү билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү объектилер.

«2017-жылы 100дөн ашуу социалдык объектини пайдаланууга бергенбиз. Бул капиталдык салымдар боюнча каржыланат. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан алгылыктуу иштер жүрүүдө. Бул жылдан тарта жаңы добоолорду сунуштап жатабыз. Биз ар бир курулуш компаниясына ачыкпыз. Буюртманын үлүшүн жылга карап бөлө турган болсок, бүгүнкү күндө 300 пайыздан жогору. 2010-жылдары 500 млн сомдун тегерегинде акча каралса, 2017-жылы 5 млрд сомдун, 2018-жылы 3 млрд сомдун тегерегинде каражат капиталдык салымдар боюнча республикалык бюджеттен каржыланды», — дейт Мактисаков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM